Коррупционерлерди түрмөгө гана тыкпастан, уурдаган акчасын да толугу менен “кустуруу” керек.

Корупциялык схемалар ашкереленип, күнөөлүүлөрдүн камалып жаткандыгы жакшы. Элдин, мамлекеттин байлыктарына суук колдорун салгандар жазасыз калбоолору зарыл. Бирок мамлекеттин саясаты жемкорлорду ашкерелеп, аларды камоодо гана эмес, уурдалгандарды, желгендерди ордуларына коюуда болушу керек. Мамлекетке зыян келтиргендер кызматтарынан айдалып, алды камалып эле тим болбостон уурдаган акчаларын толугу менен «кусушу» керек. Болбосо коррупционерлердин арасында: “баары бир мени эркимден ажыратышат. Анда мен алгандарымды ордуна коюп эмне кылам? Андан көрө камалсам да жыйнагандарымды, жашыргандарымды сактап калганым туура эмеспи. Өзүмө болбосо да бала-чакама пайдасы тийет” деген максатта уурдагандарын кайтарып бербей коё тургандар да болушу мүмкүн, ал реалдуу нерсе. Ошондуктан коррупционерлерге карата жазалар алардын тергөө органдары менен кызматташкандарына, жеп-ичкендерин кайтаргандарына жараша дифферанциалдуу болуусу зарыл. Эгерде алардын айрымдары тергеп-тескөөчүлөр менен активдүү кызматташып, элден кечирим сурап, уурдагандарын толук кайтарып бере турган болсо, эмне үчүн аларды шарттуу жазалоо менен гана чектелгенге болбосун? Тескерисинче, тергеп-тескөөчүлөрдү адаштырууга жан үрөп, качан далилдерди мурдуна такамайынча жалгандарды айтып, өз күнөөсүн башкаларга шылтап, уурдагандарын өз ыктыяры менен кайтарып бербегендерге карата аябагандай катаал жазаларды колдонуу керек. Муну президент да сезип, коррупционерлерден өндүрүлгөн каражат үчүн атайын эсеп ачтырды. Бул эсепке Башкы прокуратура 40 млн. сомдой каражат которгон болсо, УКМК 11-июлда 95 млн. сом төккөнүн кабарлады. Ушул көрүнүш мындан ары уланып, жыл аягына чейин Бишкек ТЭЦи, Тарых музейи сыяктуу долбоорлордон уурдагандарды толугу менен кустурууга жетишүү керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу