Коррупционерлерге өзүнчө түрмө куруу керек.

Жакында эле массалык маалымат каражаттары аркылуу, Президент Сооронбай Жээнбеков УМККнын жаңы төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алып, коррупция боюнча козголгон кылмыш иштерин аягына чыгарып, айыпталып жаткандардын баарына тең татыктуу жазаларын берүү керек экендигин тапшырганы маалым болду. Андан бир аз мурдараак эле, президент коррупциялык кылмыштардан өз калыбына келтирилген финансы-экономикалык операциялар боюнча өз алдынча банктык эсеп ачууга көрсөтмө бергендиги маалым. Азырынча ал эсептин абалы кандай экендиги тууралуу маалыматтар ачыктала элек, а бирок, эгерде ал ойдогудай иштетиле турган болсо, эң эле бай деп эсептелген фонддордон жана миллиарддаган байлыктары бар дүйнөлүк мастабдагы ири корпорациялардан да ашып түшөрү эч күмөн туудурбайт.

Анткени, Кыргызстандын реалдуу байлыгынын теңинен көбү (ал эми айрым көз карандысыз эксперттердин пикирлери боюнча — ​төрттөн үчү (!), же 75% зы) эгемендик доорунун алгачкы жылдарынан бери эле көмүскө чөйрөдө айланып жүргөнү боюнча буга чейин кыйыр далилдер менен гана айтылып келсе, эми гана, чейрек кылымдан соң, ал фактылар улам бир четинен ашкереленип, ачыкка чыгарыла баштагансыды.

Мунун бир айкын далили катары кечээ эле экс-премьер-министр Сапар Исаковго УКМК тарабынан кылмыштык-процессуалдык кодекстин “коррупция” беренеси боюнча расмий түрдө айып тагылганын айтсак болот. Болгондо да, бир чуулгандуу иши — ​Бишкек ЖЭБинин чуусу али басаңдай элегинде эле, Мамлекеттик Тарых Музейи тараптан чыккан “будуң-чаңдын” арасынан да эң биринчи болуп экс-премьер-министрдин башы көрүнгөн учурда тагылды.

Ал эми айрым аналитиктердин божомолунда, алдыда али “Датка-Кемин” долбоору, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу сыяктуу ж. б. дагы жогорудагы саналган күмөндүү-кылмыштык тергөөнү талап кыла турган иштерге караганда алда канча ашып кете турган, өз масштабдары боюнча да, аларга коротулган (жана да, жең ичинен уурдалып, желип кеткен деп бил!) суммалары да эбегейсиз болгон былык иштердин иликтениши күтүп турат…

Ушунча чуулгандуу жана чоң коомдук-саясий резонанс жараткан кылмыштык иликтөөлөрдүн басымдуу бөлүгү сөзсүз айыптоочу өкүмдөр менен аякталышы күтүлөт. Ансыз, адегенде ушундай оор айыптоолор тагылып, а акыры аягында алар акталып, же жеңил-желпи гана жаза алып, кутулуп кетише турган болсо, мындай жагдай биздин коомдо таза эч нерсе калбай калганын (жогорудагы 75% га гана эмес — ​толук 100% га коррупцияга малынганын гана!) толук тастыктап коёт.

Дагы бир симптом: азырынча түрмөлөрдө оппозициячыл саясатчылар, же экс-чиновниктер гана олтурушат. Ал эми учурдагы жогорку мамлекеттик кызматтагылардан, же бизнесмендерден түрмөдө олтургандары такыр жок… Албетте, жакынкы эле учурдагы Бишкек ЖЭБине байланыштуу тергөө абагында олтургандарды эске албаганда… Ушунун өзү эле биздеги сот органдарынын ишиндеги олуттуу проблемаларды чагылдырып тургансыйт: алардын баары эле эч кынтыксыз, таза иштеп жатышабы? Же оппозицияга өтө башташканда, же кызматтан кетишкенде гана мурдагы былыктарынын бети ачылып, “сасык жыты” тарай баштайбы?..

Экинчиден, эгерде азыркы коррупция менен күрөшүү компаниясынын (азырынча, кампанейщина эмес дей туралык!) алыскы келечектеги жыйынтыктарына гипотетикалык мүнөздө көз чаптыра турган болсок, кызыктай парадоксалдуу жагдайга да туш болобуз. Эриксизден, бизде коррупция жана экономикалык багыттагы кылмышкерлерге карата өзүнчө жаза мөөнөтүн өтөөчү түзөтүү колониясын куруу маселеси да бышып-жетилип калганбы деген ой келет. Асыресе, мыйзам алдында (ал эми түрмө “ички мыйзамдары” боюнча — ​ого бетер!) бардык жарандар бирдей укукта экендиктерин да танууга болбойт. Ошентсе да, биздеги бул тармакта иш жүзүндөгү түзүлүп калган кырдаалды жана анын мындан аркы абалын оңдоо аракеттерин эске ала турган болсок, дегеле соттук реформа гана эмес, жаза мөөнөтүн өтөө жана ага тиешелүү мекемелер дагы олуттуу реформаларга муктаж болуп тургандыгы байкалат.

Айталык, эгерде соттук өкүмдүн жыйынтыгы боюнча, кылмыш-жаза кодексинин жаза мөөнөттөрүн аныктоодогу кылмышты кылмышка сиңирүү (поглощение) принциби эмес, кылмыш жазасын башка кылмыш жазасына кошуу принциби (путем сложения), колдонула турган болсо, анда ушундай түркүн-түстөгү оор айыптоолор тагылып жаткан узун тизмедеги көптөгөн мамчиновниктердин баары болбосо да, эң негизгилери жана да былык иштерде чечүүчү рольду ойногондору (коррупциялык схема звеносундагы орчундуу түйүндөрдө тургандары) ар бир жасаган кылмышы боюнча өз-өзүнчө жаза мөөнөттөрүн алышып, алар бири-бирине кошула турган болсо, анда алар дээрлик өмүр бою (бизде “өмүр бою эркинен ажыратуу” деген жаза өлүм жазасына мораторий киргизилгендигине байланыштуу гана колдонулуп келе жатканы маалым) түзөтүү колониясында “жашап” кала беришери да толук мүмкүн болгондой жагдай түзүлүп калды!..

Дал ушул жаңы түзүлгөн кырдаал мамлекеттик укук коргоо органдарынын, сот бийликтеринин өкүлдөрүн кылмышкерлердин жаза мөөнөттөрүн өтөө маселесине башкача көз караштан кароого түртүшү да мүмкүн. Айталык, сөз жүзүндө бардык жарандардын укуктары бирдей болгон сыяктуу эле, бардык кылмышкерлер дагы, анын ичинде соттолгондор жана эркиндигинен ажыратылып, түзөтүү колонияларына жөнөтүлгөндөрү да, — ​бирдей мыйзамдык кылмыштык-процессуалдык тартиптерге баш ийиши керек болгону менен, иш жүзүндө такыр башкача болуп жаткандыгы кеңири коомчулукка чейин дайын болууда. Мисалы, “вор в законе” деп аталган кылмыш дүйнөсүнүн “генералдарын” айтпай эле коелук, “темир генерал” аталган Феликс Кулов, Нариман Түлеев ж. б. сыяктуу бай, колунда бар жана мүмкүнчүлүктөрү кеңири “зэктерге” тордолгон зым тосмо артында деле башкаларга караганда өзгөчөлөнгөн шарттар түзүлүп берилип келе жаткандыгы жашыруун эмес.

Мындан бир нече жылдар мурда борбордук аянтка он миң адамды чогултуп, Атамбаевдин бийлигинен “элдин атынан” отчёт алмакчы болгон экс-министр, убагында Кыргызстандын агрардык тармагын, мал, айыл-чарбасын талкалаган Бекболот Талгарбеков азыркы кезде түзөтүү колониясында англис тилин үйрөнүп жаткандыгын массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыялады. Башкача айтканда, кээ бир эркинен ажыратылган адамдар өз мүмкүнчүлүктөрүнө жана каалоолоруна жараша, беш жылдыздуу отелдердегиден эч деле кем калышпаган люкс-номер сыяктуу камераларга ээ болушуп, түзөтүү колонияларында спорт менен машыгышып, ден-соолуктарын чыңдашат…

Башка дагы бир “олуттуу маселе” — ​түрмө шартындагы ички мыйзамдар боюнча, “каралар” деп аталган “күчтөр” азыр алды тергелип бүтүп, иштери сотко аша баштаган, арты — ​учу-кыйры али көрүнбөгөн “чоң жамаатты” “маслокраддар” дешип, жек көрүшүп, өздөрүнө гана белгилүү болгон мыйзамдары менен, өз жалпы казанына (“общак” деп аталган) керектүү деңгээлдеги суммаларды оңой эле “төктүрүп” алышары белгилүү. Ал тургай, алардын “кулачтары” айрым учурларда укук-коргоо органдарынын укуругунун да алы жетпеген “күркүлдөргө” дагы жетип, алар жөнөкөй турмушта деле (али кылмыш иши козголмок турсун, эч кандай шек да жарала элегинде эле!)“караларга” белгилүү бир өлчөмдөгү “салыктарды” төлөп турушары, алардын көбүнүн өздөрүнүн расмий жеке декларацияларында жеке менчик мүлктөрүн толук көрсөтпөй, көбүн жаап-жашырып, же башкаларга каттатып коюшарына себеп болуп келе жаткандыгын айткандар да бар. Ушундан улам, кээде мамлекеттик органдардын алы жетпеген (же атайылап, жең ичинен сүйлөшүп алып, же кылмыш үстүнөн кармалышса да, пара берип чыгып кеткендерге карата) “каралар” тарабынан ушундай “акыйкат” мамиле жасалып жатканына карапайым эл ачык эле ыраазы болуп, кээде ууру-куркульдарды табалап да жүрүшкөнүнө түшүнүү менен мамиле жасоо керектей туюлат…

Жакында эле Москва телеканалдарынын биринен Россия Федерациясындагы жаза мөөнөтүн өтөө мекемелеринин азыркы абалы жана аларда жасалып жаткан реформалар тууралуу көрсөтүү берилди. Өз аймагы, калкынын саны жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча Россия Федерациясынын чакан бир регионуна, же чакан-орточо шаарына барабар болгон Кыргызстандан айрымаланып, Россия Владимир Путин президент болгон алгачкы жылдардан бери эле коррупция менен аеосуз күрөшүп келе жатат. Өлкөнүн кризис сазынан суурулуп чыгып, өнүгө башташынын бирден-бир түрткү берүүчү себептеринин бири — ​дал ушул күрөштүн натыйжасы экендиги да табышмак эмес.

Арийне, биздин айтайын дегенибиз — ​ошол кылмыш-жаза мөөнөтүн өтөө багытындагы реформаларга көңүл бурууда болуп жатат. Россияда Батыштын мыкты тажрыйбаларын эске алуу менен бирге, өз шарттарына ыңгайлашкан коммерциялык мүнөздөгү түзөтүү колониялары иштеп жатыптыр. Муну тележурналист жакында эле соттолуп, түрмөгө айдалган экс-экономика министри Алексей Улюкаевдин мисалында далилдүү көрсөтүп бере алды… Сыртынан караганда, дарыланып-эс алуучу элиталык санаторийден анча деле айрымаланбаган, заманбап салынган элиталык түрмөдө баары бар экен — ​спорттук залы, теннис-корту, бассейн, китепкана жана компьютерлер, жаңы технологиялар менен жабдылган имараты жана сейилдей турган таза, кооз короолору… Айтор, зымтосмо коргону гана бөлүп турганы болбосо, — ​бизнесмендер жана жогорку рангадагы чиновниктер үчүн салынган бул түзөтүү колониялары ийгиликтүү иш алып барып жатканы көзгө урунат.

Тээ совет доорунда эле ушундай “элиталык” мүнөздөгү тартиптеги, өтө чектелүү, аз контингенттүү, чакан түзөтүү колониялары боло турган — ​аларда демейде саясий көз караштары боюнча камалган интеллигенция өкүлдөрү жана “антисоветчиктер” деп аталган, коомдук түзүлүшкө кандайдыр бир коркунуч туудурган адамдар кармалыша турган. Алар жогорудагыдай эле “привилегиялар” менен пайдаланышып, түрмөдөн чыккан соң, түрмө учурунда жасаган эмгектерин, же жазган китептерин жарыялашып келген. Бизде да “элиталык” түзөтүү колонияларын курууга реалдуу мүмкүнчүлүктөр жаралып калды. Коррупциялык жана экономикалык кылмыштар тегерегинде миллиондогон, миллиарддаган суммалар айланып жүрөт. Ошондуктан, соттун соңку чечиминен соң, далилденген кылмыштары боюнча мамлекет эсебине тиешелүү бардык байлык-каражаттарды алардан “сыгып” алган соң, аталган кылмышкерлерге дагы биздин жарандар сыяктуу эле гумандуу мамиле жасап, эгерде кааласаңар өз эсебиңерден сонун шартта жашап, мындай шартты өз чөнтөгүңөр аркылуу куруп алууг мүмкүнчүлүк берилет деген сыяктуу альтернатива сунушталышы зарыл.

Дал ошондо гана чыныгы көмүскө экономиканын “айсберг” сымал түбү козголо баштайт. Узак мөөнөттүү өмүрүн баары бир эркиндиксиз өткөрүүгө мажбур болушкан жана да мамлекеттен уурдап-катылып алынган байлыктар ачыкка чыга баштайт. Ал коррупционерлердин эсебинен түзөтүү имараттары ж. б. гана салынбай, дээрлик толугу менен өзүн өзү каржылоо сыяктуу система жаралып, мамлекеттик бюджетке түшкөн оорчулук да жеңилдей түшөт. Мына, кечээ жакында эле Мекен сакчысы милдетин аткарган ар бир солдаттын тамак-ашына күнүнө 160 сом сарптала баштагандыгы чоң жетишкендик катары шардана кылынды. Ал эми ар бир кылмышкердин тамак-ашына, аларды кайтарууга, кармоого, ж. б. чыгымдарына канча каражат кетери — ​мамлекеттик жашыруун сыр деле эмес. Кызыккан адам бул маалыматты деле оңой эле таап алса болот…

Мамлекеттик казынага оор зыян келтиргендерге ошол зыянды гана калыбына келтиртүү менен чектелбей, кошумча “түрмө салыгы” сыяктуу “жаза жүктөрү” артылса, бул аракет максатка ылайыктуу болот жана да коомчулук тарабынан ар тараптуу колдоо табары шексиз.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Булак: “Жаңы Ордо”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу