Коррупционердин чагымчылдыгына, кутумчулдугуна алданбайлы!

Баардык жакшы иштердин жасалышы үчүн эң ириде тынчтык, ынтымак жана стабилдүүлүк керек. Буга адам баласынын жер каймактагандан берки жашоосу, тарыхы далил болуп келет. Тынчтык, ынтымак жана стабилдүүлүк бар жерде өнүгүү бар, өсүү бар, жаш балдардын шаңдуу күлкүсү бар, токчулук, молчулук бар. Кайсыл жерде ынтымак бузулса, тынчтыкка, стабилдүүлүккө доо кетсе, анда талкалануу, кыйроо, ачарчылык, кайгы-муң каптап калаарын да айрым өлкөлөрдүн тагдырынан көрүп атабыз. Демек, жалпы элдин, өлкөнүн эң башкы кызыкчылыгы – бул ынтымак, тынчтык жана стабилдүүлүк экени айныгыс чындык. Тилекке каршы, айрым саясий күчтөр, саясатчылар өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарынын деңгээлинен бийик көтөрүлө албагандыктан өлкөбүздүн тынчтыгын уурдоо аракеттерин жасап келишет. Мындай аракеттер мурда да жасалып келген, азыр да жасап аткандар бар.

Мисалы, экс-президент А. Атамбаев өзүнүн алты жылдык доорундагы ири коррупциялык иштердин бети ачыла баштаганынан улам ар кандай чагымчылдык аракеттерди жасоого өттү. Максаты – бүгүнкү күндө жасалып аткан коррупцияга каршы күрөшкө каршы чыгуу жана ачылып аткан былыктарын жаап-жашырып калуу. Ал үчүн ал бийликти алмаштыруу планын түзүп атканын да айтпай кетүүгө болбойт. Бишкек ТЭЦинде жыл башында болуп өткөн авария адегенде аны модернизациялоодо ири коррупция жойлогонун ачыкка чыгарды. А. Атамбаевдин «оң кол», «сол колдору» бир кычкачты 640 доллардан документтештиришкени маалым болду. Анын артынан Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупция ачылды. АШАнын ач көздүгүн ушундан билиңиз, ал Тарых музейинин алдында мурда төшөлүп туруучу таштарды Кой-Таштагы хансарайынын короосуна төшөп алыптыр. «Дача СУга» кулаган учактагы жүктүн ээси Атамбаев өзү болгону да ачыкка чыкты.

Демек, контрабанданын башында өзү турган экен. Эми ошонун баары үчүн жоопкерчилик тартып калаарын түшүнүп турган ал «Күзүндө бийликти алмаштырабыз», «Жазга даяр тургула!» деген өңдүү элибиздин тынчтыгына бүлүк сала турган чакырыктарды тымызын жасай баштады. Анын маалымат саясатын жүргүзгөндөр болсо көптөн бери эле трайбалисттик саясатты жүргүзүп келишет. Элди түндүк-түштүккө бөлүп караган чагымчыл саясат жүргүзүүдө. Мунун баарын ал элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, өзүнүн керт башынын кызыкчылыгы, шоопур, жансакчыларынын «ашап» кеткен миллиондорун сиңирип кетиши үчүн жасоодо. Андыктан биз мындай бузуку чакырыктарга алданбашыбыз керек. Коррупционердин жеке кызыкчылыгынан улам тышкы карызыбыз эки эсе көбөйгөн экен. Эми болсо, ошонун баарын сиңирип алуу үчүн элибиздин, мамлекетибиздин тынчтыгын уурдагысы келет. Андайга жол бербейли!

Аргумент.kg
Жооп калтыруу