Коррупционерден электорат качат же неге Атамбаевдин маалыматчылары кыңыр иштердин ачылышын сынга алууда?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маалыматчылары коргонуу тактикасына өттү. Ошондо да жөндөп коргоно албай, «Эмнеге Атамбаевдин убагында жасалган ири долбоорлор боюнча иликтөөлөр жасалып атат?» деп тескерисинче өздөрүнө карата элдин нааразычылыгын ойготуп алышууда.
Мисалы, АШАнын гана саясатын жүргүзүү үчүн орусиялык интернет сайт сыяктуу болуп ачылган http://mnenie-center.ru/ аттуу сайтка «Команда экс-президента Киргизии под огнем уголовных дел» деген темада макала жарыяланды. Анда мурдагы өкмөм башчы Сапар Исаков, Бишкек мэри Албек Ибраимов ЖАНА ЭКС-МЭР Кубанычбек Кулматовго карата козголгон кылмыш иштерине нааразычылык билдиргилери келет.
Эгерде мына ушул аткаминерлер убагында өздөрүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан болсо, мамлекеттик бюджетке зыянын тийгизишсе да, «Булар Атамбаевдин кадрлары да» деп жоопкерчиликке тартпай коюш керек беле? Атамбаевдин маалыматчылары ушундай эле логиканы таңуулап атышпайбы.
«Борбордук жылуулук электр борборундагы коррупциялык жаңжалдын артынан эле оппозициялык маанайдагы эл өкүлдөрү мурдагы президенттин Аппараты демилгелеген эки ири долбоорду – тарых музейинин реконструкциясы жана Ысык-Көл облусундагы ипподромдун курулушу боюнча колго алышты. Анын артынан тергөө органдары, команда бергендей иликтөөнү башташты», — деп жазат автор бул макаласында.
Өтө кызык логика бекен? Мындагы айтылган ойлордун түбү — Атамбаевдин убагында башталган жана жасалган долбоорлорду казбай эле коюш керек да деген ой болуп атпайбы. Эгерде тарых музейининин реконструкциясында бир даана инсталляция (жөн эле жыгач түркүк) 600 долларды чапчып атса, андайдан 54 даана сатылып алган болсо, жыгачтан жасалган эшекке окшош бир аттын баасы 14 миң евро болуп атса, анан кантип аны жаап-жашырып коюга болот? Ошол эле убакта ипподромдун курулушунан да мамлекетке опол тоодой зыян келген болсо, эмнеге унчукпай отурушубуз керек? Ушуну Атамбаевдин маалыматчылары түшүндүрүп бере алышабы?
А. Ибраимов «ТНК Дастан» ААКсын жетектеп туруп, «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсынын башкы директору менен жең ичинен сүйлөшүп, мамлекетке 400 миң доллардан ашуун зыян алып келген келишим түзүп атса, унчукпаш керекпи? С. Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо кытайлык ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын коргоп жүргөнүн ачык айтса болбойбу? К. Кулматов 2014-жылы Бишкек мэри болуп туруп ТЭЦти модернизациялоонун алкагында региондорго эки мектеп куруу үчүн кытайлык ТВЕАдан бөлүнгөн 2 млн доллар грантты максатсыз пайдаланганы ачыкка чыкса, ага ким күнөөлүү? Же булардын баарына көз жуумп коюш керек беле?
Анан дагы макаланын автору «Коррупцияга каршы мындай агрессивдүү жана тандалма күрөш жүрсө, Атамбаевдин электораты чоң, нааразычылыктар көп чыгат» дегендей коркутууларды жасайт. Биринчиден, эгерде А. Атамбаев мамлекеттик төңкөрүш жасагысы келсе, анда бир убакта өзү «Булар бийликти басып алууну пландашкан» деген саясатчылардын кейпин кийет. Экинчиден, Кыргызстандын эли ушунча коррупциялык элементтерди көрүп туруп, бир кычкачтын баасын 600 долларга чыгарышканын угуп туруп, эми экс-президентти эч качан колдобой турганын билип алышыбыз керек.

БУЛАК: maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу