Коркунуч келтиргендерден кутулсак болот

Коомчулук ичинде ар кандай кептер төгүлөт жер бетине. Бирок, ошолордун ичинде жан дүйнөнү бүшүрткөндөрү да бар. Маселен, кытайлардын жергебизде көбөйүп баратышы, кыздарыбыздын жээндерди жаратканы, кокого жеткен карыздар, шектүү азык-түлүктөрдүн келип жатканы боюнча далай кычкыл сөздөр ыргып жатат. Бирок, бийликтин буга мурдун балта кеспегендей мамиле кылып жатканы ого бетер бүйүр кызытууда. Негизи биз кытайсыз эле оокатыбызды өткөрүп жүргөнбүз. Ааламдашуу, бүгүнкү талап, кризистен чыгуу деген мээге сиңбеген кептерди айтып элди жүдөткөндөрдүн ойлорунун быт-чытын чыгарбасак булар тереңдеп баратат.

Биз далай ирет эскерткенбиз. Кытайга болгон карызды байлардын эсебинен жабыш керек деп. Антсе да кайрадан бийлик буйтактатып башкача жолду тапкандай пикир жаратууга аракеттенди. Негизи карыздан кутултуу боюнча атайын байларга эсеп ачыш керектиги ачык билинип калды. Ага болбой башка эсеп ачышып, журтчулукту алаксытып жатышканы байкалды. Ошол эсепке 345 миллион сом чогулганын айтышууда. Бирок, ал каражат итпай, чотпай болуп башка тарапка чапталып кетээри деле кеп эмес. Кана, ошолордун кимиси элге күйгөн иш кыла алат? Ошондуктан биринчи кезекте кытайларга болгон карызды жабууга кадам таштоо кажет. Антпесек элдин санаасын токтото албайбыз. Арийне, кытайларды өлкөгө киргизүүнүн да тартибин катуулатпаса болбой калды. Илгеркидей күргүштөтүп каптата берсек кооптонуу азайбайт. Убактылуу киргендерди болсо кайра өз мамлекетине айдоо зарыл. Болбосо ошолордун эсебинен акчага маарыгандардын саны кыскарбайт. Биздин күч түзүмдөрүндө ошолорду коргоп, колдоп жүргөндөр бар экенин баары эле билишет, же калппы?

Ал эми акча санагандан жадаган байларды карыздан кутултууга үндөө маселеси бышып жетилди. Бираз иш солгундап калгангабы, же каникулда көздөрү ачылбай жатабы, баягыл кыйкырып чыккан “демилгечилерден” жел сокпой турат. Камчыбек Жолдошбаев, Шаки, Исхак Пирматов, Акылбек Жапаров, Кубанычбек Жумалиев, Азамат Арапбаев, Аскар Салымбеков, Абдимуктар Маматов, Роман Шин, Бахадыр Сулейманов, Динара Исаева, Раим Матраимовдор кыймылдаса эле башкалары артынан шарактай түшөөрү деле турган иш. Болгону алгачкы “карлыгачтарды” учуруп жиберүү зарылчылыгы келип турганы сезилет. Минтип аракеттенбесек балээни да карыздан кутулбайбыз. Бийлик элдин талабы менен эсептешпесе өздөрүнө ор казып аларын эскерте кетели. Азгантай “кеңешчи, таңашчылардын” акылы менен иш кылам дешсе катуу жаңылышат. Азыр баары алаканга салгандай көрүнүп турат. Кимдин сасык күрп болуп басалбай калганы, ашыра тойуп алгандардын ыксыз кадамдары, шылуундардын шахматтык жүрүштөрү, кудалардын “туздалган сүрлөрү” айтор, баары турнабайга илинген. Ошондуктан ириде кытайлык карыздан кутулуунун амалын кыймылга келтирүү мезгилдин өктөм талабы. Калган иштерди жайына келтирип койсо болот. Мындан жаман күндөрдү деле кыргыздар жеңип жүргөн. Демек, башкы маселеден оолактабай эртерээк аракеттене берели.

Байлар чогулткан байлыгын кытайдан тартып келген эмес, биздин эле ырыскыбызды “менчиктеп” алып мадырайып басып жүрүшөт. Камалып, керсары тартып жүргүсү келбегендерди милисалар, оперлер шыйрактан тиштегилеп койсо эле кыдыңдап келип акчасын эсепке сала баштайт. Ошону кыймылга келтирүү мамлекеттик кызматтын мойнунда. Убакытты бекерге өткөрбөй баштагыла, бийликтин тизгинин бекем кармагандар!

Булак: Ачык сөз

Аргумент.kg
Жооп калтыруу