Коркунучтуу түш көрүүдөн кантип арылса болот?

Токио университетинин окумуштуулары чычкандарда тез уктоого жооп берген генди «өчүрүп таштады». Ал аркылуу адам уктаган кезде түрдүү абалдагы, керек болсо коркунучтуу түш көрүүнү болтурбоону изилдеп жатышат.

“Daily Mail” басылмасы окумуштуулардын ачкан жаңылыгы боюнча алам кату чаочаган кезде организми «өчүп калгандай» абалга кирип, уйкуда жатканда кандайдыр бир физиологиялык тоскоолдуктарсыз жакшы дем алып, эс алып турат.

Демек, эми ар бир тирүү организм тып-тынч уйкуда жата алат – керек болсо эч кандай түш, анын ичинде коркунучтуу түштөрдү көрүп, тынчы кетпейт.

Окумуштуулар чычкандардын “Chrm” 1 жана 3 гендерин алып таштап, тез уйку фазасын убактылуу өчүрүп таштоо мүмкүндүгүнө ээ болду. Кээ бир теория боюнча бул фаза адамдын ден-соолугуна зыян келтириши мүмкүн.

Бул гендерди алып таштоо натыйжасында мээ менен бүтүндөй организмдин толук кандуу эс алуусу үчүн тез уйку фазасы керек эмес деген чечим туулат. Окумуштуулардын теориясы ырасталып, чычкандар бул генсиз тиричилик кыла алса, психологиялык дарттарды айыктыруунун жаңы ыкмасы аныкталышы мүмкүн.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу