Коркунучтуу ойлордон кутулуунун 3 ыкмасы…

Адамды ар дайым коркунучтуу, жаман ойлор ээлеп алат. Бирөөлөр бул ойлорду сейилтип, жок кылып жибере алат. Ал эми бирөөлөр тоскоолдукка тирелет. Ошондуктан коркунучтуу ойлордон кутулуунун 3 ыкмасын карап көрмөкчүбүз:

Коркунучтуу ойлордун калыптуу нерсе экенин кабыл алыңыз. Жана бул ойлорду андан ары тереңдете бербеңиз. Казып, чукулап, кайра-кайра ойлой берүүнүн, башкаларга айта берүүнүнүн кереги жок.

Ойлор бул – ой гана. Жана алар ар айым ой болуп гана калат. Ой – бул нейротрансмиттердин бир бөлугү гана. Ошондуктан аларды жүрөккө жакын кабыл алууну токтотуңуз.

Чечим бар. Эч кимдин колунда сыйкырдуу таякча жок. Ошенткен менен ар бир ойдун, ар бир түйүндүн чечими бар. Сиз кемчилиги менен өзгөчөлүгү бар адамсыз. Ошондуктан ойдун да чечимин өз колуңузга алыңыз. Коркунучуңуздун астында эмне жатканын ойлоңуз. Сизди ал ойлорго эмне туртүп жатат. Ошол түйүндү чечип көрүңүз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу