Коркок Абдил Сегизбаев жубайы менен неге ажырашып кеткен?

А.Сегизбаев Атамбаевге эң жакын саясий фигура катары кызмат кылганы белгилүү. Ал коомчулукта мыкты пиар-менеджер катары таанылган. Сегизбаев “кара пиарды” мыкты уюштуруп, ал жасаган иштер натыйжалуу жыйынтыктарды алып келген. Ошол үчүн да саясаттагы интриганы, маалыматтарды бурмалоону, коомчулуктун аң сезими менен ойногонду укмуш өздөштүргөн “алмашкыс кадр” болуп турган. Жакында эле Абдил Сегизбаев менен мурдагы башпрокурор Индира Жолдубаеванын эл аралап жүргөн сүрөттөрүнүн жарыяланышынын артында да Сегизбаев турат. Муну менен Сегизбаев өзүн эл аралап эле жүргөнүн, эч жака качпай тынч жашоо өткөрүп жатканын билдиргиси келген. А.Сегизбаев Атамбаев менен болгон жакын мамилесин муздатканынын себеби анын мүнөзүнүн боштугу, коркоктугу же жеке коопсуздугуна чочуганы болду.

Бирок саясий абал курчуп кетсе Атамбаевге көмөк көрсөтүүгө даяр турат. Сегизбаевдин мындай жолду тандап алганына төмөнкү факторлор себеп болгон: жетим калган балдар чоңоюп жатат, 2005-жылдагы март окуясында катуу токмок жеген, мурдагы жубайы журналист Асел Мамбетова менен (КТРКнын мурдагы К.Бакиев менен ойноп кеткен журналисти) ажырашкан. Анан дагы Сегизбаевдин трайбалисттик, уруучулук оорусу күч. Ал өз таасири күчөп турганда уруулаштарын жогору кызматтарга алып барган. Мисалы, КТРКнын жетекчиси Илим Карыбеков менен ЭлТРдин башчысы Айбек Мусаевдер Сегизбаевдин уруулашы. ЭлТР менен КТРКнын бул эки жетекчиси түздөн-түз Сегизбаевдин жардамы менен кызматка барган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу