Бишкек шаардык кеңешке жаңы депутат келди

“Республика – Ата-Журт” фракциясынан келген Казыбек Эргешовго бүгүн мандат берилди. 

Ал Жогорку соттун чечими менен депутаттыктан кеткен Жусупбек Коргонбай уулунун ордуна келди.

Жусупбек Коргонбай уулу Орусиянын жараны деп БШК мандатынан ажыраткан. Депутат сотко кайрылып, Боршайкомду утуп алган. Ушундан кийин БШК Жогорку сотко кайрылып, акыркы инстанция алардын пайдасына чечим чыгарды.

Булак: Калыс Медиа 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу