Коорупциялык кылмыштар 9 ай ичинде мамлекетке 423,3 миллион сом зыян келтирген

Үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде Кыргызстанда 333 коррупциялык кылмыштар ачыкталган. Алардын мамлекетке келтирген зыяны 423,3 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, былтыркы жылга салыштырмалуу кылмыштардын саны 70ке көбөйгөн, ал эми чыгым болсо 2017-жылга салыштырмалуу 223,7 миллион сомго көп. Кылмыш иштери козголгондон кийин бюджетке 154,3 миллион сом кайтарылган. Андан сырткары, мамлекеттик сатып алуулар учурундагы уурулук жана бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча 95 факты ачыкталган, алар алып келген чыгым 125,2 миллион сомду түзүп, 91 кылмыш иши козголуп, натыйжасында бюджетке 18,1 миллион сом кайтарылган.

“Кызматтык мыйзам бузуллар боюнча 254 кылмыш иши, анын ичинде пара алуу фактысы боюнча 20 кылмыш иши козголгон”- деп билдиришти мекемеден.

Булак:Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу