Азырынча камералар биринчи этаптын алкагында гана коюлду.
«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабында Бишкектин 10 көчөсүнүн кесилишине фото жана видео жазуучу камералар орнотулду.
Бул камералар 12-февралдан тарта толук иштей баштайт жана жети эреже бузууну каттайт.
Камера орнотулган көчөлөрдүн кесилишинин даректери:
— Бөкөнбаев менен Абдрахманов;
— Горький менен 7-Апрель;
— Жибек Жолу менен Абдрахманов;
— Жибек Жолу менен Жаш Гвардия;
— Жибек Жолу менен Фучик;
— Москва менен Абдрахманов;
— Чүй менен Бейшеналиева (Ош базары тарап);
— Чүй менен Курманжан Датка;
— Чүй менен Жаш Гвардия;
— Чүй менен Фучик.
Булак: Спутник