Коопсуздук кеңешинде Атамбаев: “Чыныбай, сен президент болбойсуң…” деп далысынан таптап, экөө тамашалаша тарап кетишкени кандай?

Жума башында Коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп, мамлекет башындагы үлкөндөр
менен күч органдарынын жетекчилер ай тегерек үстөлдүн айланасында чогулушту.
Башкасын айтпасак да, бир жагдайга токтололу.
Президент Алмазбек Атамбаев жыйын башында «Чыныбай, сен президент болбойсуң…»
деп далысынан таптап, экөө тамашалаша кетишкени, анан чогулуштан кийин кайрадан
каткырып күлүшүп, алакандарын досторчосунан «тарс» эткизе чабышып, тарап
кетишкени кандай? Ал жердеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган
үлкөндөр көргөн көздөрүнө ишенишпей, ар кандай күдүк ойлор менен тарашыптыр.
Буга чейин КСДПнын «ач айкырык, куу сүрөөн салган» активисттери спикерди тытып
жегенге даярданып калышпады беле? Сыягы, Атамбаев кыраакы саясатчы эмеспи,
түндүктөн таасирдүү Сариев менен Бабанов чыгып аткан соң, алардын добуштарын
бөлүү боюнча атайын эле «чык татырбас» досун чыгарып, оюн жаратып аткандай. А
коомчулук болсо түшүнбөй, КСДПга баш бербегендей көрүнгөн, өз алдынча
президенттик шайлоого талапкерлигин көтөрүп чыккан Турсунбековду ар кандай
талкууга ала башташкан. Айрымдар мактап, «эр жүрөк экен» дешсе, кээси чыккынчыга
дейре теңегенге үлгүрүшкөн. Дал ушундай кырдаалдын астында бир олуттуу суроону
таштагыбыз келди: Чыныбай мырза, сизге Түркиядан 30 миллион доллар келгени
чынбы? Эгер келсе, мынчалык чоң каражатты Түркия бийлигинен алдыңызбы, же бизнес
жаатынанбы?.. Мына ушундай собол. Эске салсак, Турсунбеков убагында Түркияда бир
топ жыл иштеп, ал жактан байланыштарын чыңдап алганы белгилүү. Ким билет? Балким,
Чыке Түркия бийлигинин ишенимине кирүү менен кыргыздардын ишенимин сатпастан,
аларды шефи экөө кайрадан Кыргызстанда ким кожоюн экенин көрсөтүп коюшабы?..

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу