Конок бөлмө дизайны кандай болушу керек?

Көнөк бөлмөнүн интерьери керемет болуш ууң аны башынан баштаган оң. Заттарды кооз жайгаштырып, айкалыштыруу үчүн эмерек менен аксессуарларды табитке жараша алыш керек. Конок бөлмөнүн жайлуу жана жылуу болушу үчүн…

1-кадам. Тизме

Эң алды менен конок бөлмөгө керектүү заттардын тизмесин жасаңыз. Тизме (милдеттүү түрдө кагаз бетине жазылыш керек) даяр болгон кезде анын ичинен эң керектүүлөрүн белгилеп коңуз. Эми заттарды эмнеден баштап алуу керектигин билесиз.

2-кадам. Каражат маселеси

Колуңузда так канча сумма барын тактаңыз. Бир нерсени сатып алардан мурун шашпай издеңиз. . Акчаңызга туура келет экен деп жарашпаган эмеректи сатып алуудан оолак болуңуз. Кол жетимдүү нерселердин ичинен да өзгөчө кооздуктагы нерселерди табууга болот.

3-кадам. Заттын түсү

Бөлмөдөгү заттардын түсү сиздин табитиңизден кабар берет. Ошондуктан элеттик, заманбап же болбосо классикалык стилде көрүнүүсү түстөргө байланыштуу.

Эгер бөлмөнү жыйнактуу, жылуу көрсөткүңүз келсе -кызыл, күрөң жылуу түстөрдү тандаңыз. Ал эми тынч атмосфера үчүн көк, жашыл түстөр сыяктуу муздак түстөр кажет. Ошондой эле, жылуу жана муздак түстөрдү аралаштырып колдонууга да болот. Эгер түстөрдү айкалыштыруудан кыйнала турган болсоңуз, колуңузга боёк менен калем алып казгаз бетин боёп көрүңүз. Адам өзүн жайлуу сезиш үчүн бөлмөнүн түсүн туура тандоонун мааниси зор.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу