Конгантиевдин иши кайрадан каралат, эми бийликти сындап аткандар эмне дешет?

12-июлда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна жасаган сапарынын алкагында Талас шаарында эл менен жолугушуусунда акыркы бир нече күндөн бери талкууга түшүп аткан Молдомуса Конгантиевдин иши боюнча суроого да жооп берди. Эске сала кетсек, буга чейин 2010-жылы ИИМдин экс-министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши УКМК тарабынан токтотулган болчу. Муну менен айрым саясатчылар президентти да айыптоого өтүшкөн. «Мынакей бүгүнкү бийлик бакиевчилерди актай баштады» деген сындар айтылган. Бирок, эмнегедир ошондой сындарды айтып аткандар эмне үчүн А. Атамбаевдин алты жылдык мөөнөтүндө М. Конгантиевдин иши таптакыр каралбаганын эстерине алышкан эмес. Алтургай «Эмнеге М. Конгантиевдин ишин карабай жатасыңар?» деп да ооз ачышпагандар, бул ишти бүгүн эле көрө калгандай кыйкырып чыгышты. Албетте, алардын көпчүлүгү экс-президент А. Атамбаевдин «арыгын чаап» жүргөндөр болду. Ал эми бүгүнкү күндө ошол мурдагы бийликтин учурунда токтотулуп калган, кыскартылып калган кылмыш иштери кайрадан жандандырылып атканы белгилүү. Мисалы, республиканын прокуратура органдары көзөмөл иретинде 2010-2017-жылдарда бардыгы болуп 3408 кылмыш ишин — 2262 токтотулган жана 1146 жабылган кылмыш иштерин иликтеп чыгып, анын ичинен 498 токтотулган жана 85 жабылган кылмыш иштери боюнча иликтөөнү кайра жандантты. Иликтөөнүн натыйжасында акыркы процессуалдык чечим кабыл алынып, 51 иш сотко жөнөтүлгөн, ал эми 6 иш боюнча тергөө токтотулган. Калган кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын айта кетишибиз керек. «Бул кылмыш иштеринин арасында 2010-жылы козголгон жана 2010-жылдын 28-сентябрында өндүрүштөн токтотулган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши дагы бар. 2018-жылдын 29-майында тергөө кайра жанданып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Мен Башкы прокуратурага бул кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырдым», — деди С. Жээнбеков. Демек, ИИМдин экс-министри М. Конгантиевдин ишин Башкы прокуратура кайрадан изилдеп чыгат. Андыктан аны бүгүнкү бийлик актап жиберди деп айтууга эч кандай негиз жок. Эптеп эле шылтоо издеп тургандар эми эмне дешээр экен?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу