Колуна балта, бөтөлкө алган эки окуучу мектепти өрттөдү.

Бурятиянын борбору Улан-Удэ шаарында бүгүн эртең менен, 10-класстын эки окуучусу, балта, бычак, Молотовдун коктейлин (жардыруучу аралашмасы бар бөтөлкө) алып мектепке кирип келишкен. Анын кесепетинен 5 киши жабыркады. Бул тууралуу укук коргоо органдарын шилтеме берип Интерфакс агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, басып кирген окуучулар жардыргыч зат толтурулган бөтөлкөнүн жардамы менен мектепти өрттөйлү дешкен. Өрт чыккан бирок бир аз убакыттан кийин өчүрүлгөн. Учурда окуя болгон жерде укук коргоо органдары иш алып барууда.

Булак: «barometr.kg«

Аргумент.kg
Жооп калтыруу