Колубузга эмнеге кишен саласыңар деп куйкасы курушту…

ТЭЦтеги коррупцияга айыпталып камакта отурган Жантөрө Сатыбалдиев сотто: “Соттун имаратын милиция менен курчап коюпсуңар, бизди болсо бул жакка  кылмышкерлердей, кол кишен  менен байлап алып келесиңер. Биз али кылмышкер деп атала элекпиз да, күнөөсүздүктүн презумпциясы кайда? Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча эч ким мыйзам бузган эмес. Сотто кытай тарап жок. Эми бизге кишен эле салып койгула. Анан мен суроо да, жооп да бербейм. Мага скотч бергиле, мен оозумду да желимдеп алайын. Бийлик гуманизация тууралу айтпай эле койсун”, — деп агынан жарылды. Судья Инара Гилязетдинова: “Соттолуп жаткандарды сотко жеткирүүнүн баарына бирдей жалпы эрежеси бар, сот аны өзгөртө албайт”, — деп жооп берди.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу