Колкоо кылса да, эсине келди…

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов банктан алган турак жай ссудасын толугу менен төлөп бермей болду. Бул окуя боюнча Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуу болбогонун аныктаган.

Буга карабай, Абдыгулов ссуданы толугу менен мамлекетке төлөп берүүнү чечкенин жар салды. Муну төрага өзүнүн жана Улуттук банктын аброюна шек кетпесин деген ниетте ишке ашырмакчы болуп жатканы менен түшүндүрдү.

Канткен менен колкоо кылса да, төлөп бермек болгону абийир болуптур.

Эске сала кетсек, Абдыгуловго 2015-жылы 5,5 миллион сом ссуда берилип, 2017-жылы ошол акчанын калган 4 миллион 824 миң сому кечирилген болчу.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу