”Койташ элдик республикасынын президенти” баары-бир камалат…

Ички иштер министрлиги Дача-СУ конушуна кулаган учактан уюлдук телефондорду алып алышкан деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине кылмыш ишин козголупа, шектүү катары саналган ӨКМдин алты кызматкерине өлкөдөн чыгууга тыюу салынды.

Айрым такталбаган маалыматтарга таяна турган болсок жакынкы Да-СУдагы болуп өткөн кырсыкка кылмыш ишинин биринчи кадамынын ачылышы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен аякташы мүмкүн. Андыктан Атамбаев өзү айткандай ”Койташ элдик республикасынын президенти” баары-бир камала турган болуп калды окшойт.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 16-январында таңкы жети жарым чамасында түркиялык компанияга таандык «Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Бишкектин түндүк тарабындагы «Манас» аба майданынын жанына кулап түшкөн.

Анын кесепетинен Дача СУ айылынын 35 тургуну жана учактагы төрт учкуч мерт болгон.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу