Кожоке, баштаган ишинин аягына чыга алабы?

Жүрөктөрүнүн үшүн алып коёюн деген окшойт да. Дегенибиз, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев, мындан бир жыл мурун: «Акылдуу эсептегичтерди туура эмес сатып алган жетекчилерди жоопкерчиликке тартышыбыз керек»-деген оюн билдирип бакылдады эле. Бир нерсени билген үчүн айтып жатат да дегенбиз. Андан бери канча убакыт өтсө дагы, депутат Рыспаев айткандай «Акылдуу эсептегичтин» айынан жазаланган жетекчини көрө элекпиз. Айтыла жүргөн сөз катары ара жолдо калып калды. Айтмакчы, бул боюнча жооп берип койбойсузбу Кожоке?…

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу