Кожобек Рыспаев, депутат: Мени фракциядан чыгаруу сунушун Мурадыл Ганыевич айтты

– Кожобек Жайчыбекович, КСДП фракциясы өткөн жумада сиздин маселеңизди карамак эмес беле, ал иш эмне болуп бүттү?

– Ал маселе бүткөн жок. Талкуулап бүткөнбүз. Фракциядан чыгаруу, КСДПнын сунушу боюнча суроо-жооптор болгон. Добуш берүүгө келгенде жума намаз болуп калып, бүтпөй калган. Азыр эми добуш берүүнүн жыйынтыгы жакшы болуш үчүн мени фракциядан чыгарганга ким макул, ким каршы экенин пикирин суроо жолу менен кол койдуруп, аныкталып жатат. Жума күнгө чейин билинет, Кудай буюрса.

– Лидериңиздер Иса Өмүркулов фракцияда аябай кызуу талкуу болгонун айтты. «Фракциядан чыгарылсын» дегендер да, «калсын» дегендер да көп болуп атабы?

-Андай деле болгон жок. «Фракциядан чыгарылсын, парттизме менен келгенден кийин партиянын сунушун аткарбайлыбы?» деп Мурадыл Ганыевич сунуш кылды. Мен айтып атам, «партия «элди ат» десе атасыңарбы?» деп. Анүчүн бир чоң себеп, жүйөө болуш керек, мен күнөөлүү болушум керек, партиянын аброюна шек келтирген аябай көп сөздөрдү айтышым керек. Мен андай күнөө жасадым деп эсептебейм. Себеби, ТЭЦтин тегерегиндеги маселе боюнча журналисттер суроо берип, мен жооп берип атам, ал баардык эле депутаттардын укугу. Принцип болуш керек да.

– Интернет булактардан окудум окшойт, «комментарий сурасак Кожобек Жайчыбекович «жума намазга кечигип атам» деп кетип калды» деп жазыптыр. Жума намазга бара баштаганыңызга көп болдубу?

– Көп болду. Эки-үч жылдан бери барып жүрөм. Бутум ооруп гана кичине баралбай калдым.

– Намазга беш маал жыгыласызбы?

– Азырынча жума намазга гана барып атам. Толук беш маалга өтө элекмин.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу