Кожобек Рыспаев: «Атамбаев өзү жакындарын коргой албай жатса, мен кимдир бирөөнү коргой алмак белем?!»

 Кожобек Жайчибекович, сиз Атамбаевдин таламын катуу эле талашып келатпадыңыз беле. Коррупционерлер күнөөсү далилденсе жазасын тартыш керек деген сөзүңүз мурунку шефиңизге катуу тийдиби?

— Мен деген бир кишинин кызыкчылыгын эч качан мамлекеттин кызыкчылыгы менен алмаштырбайм. Өзүм болгонун болгондой айткан адаммын да. Бирөөгө катуу тийип калышы мүмкүн деп ойлонбойм дагы. Күнөөлүү болсо президенттен баштап жөнөкөй жаранга чейин күнөөсүн тартышы керек. Бир кишиге айтканым жакпай калат деп өз оюмду айталбай олтурушум керекпи? Эч качан андай болбойт, чындыкты айта берем.

— Атамбаевдин буйругу жок сизди партиядан эч ким “изгой” кыла албайт болчу да?

— Ал киши КСДПны бүгүнкүдөй деңгээлге алып чыгууга чоң салым кошконун ачык айтам. Лидер болуп олтурушуна да эч кандай каршы эмесмин. Алмазбек Шаршеновичтин аброюна шек келтире турган бир дагы сөз айтканым жок. Болгону, партия таза болушу керек деп айткам. Чындыкты айткан кишини баса калмай болуп жатпайбы. Мен бир эле Бишкек ТЭЦинин тегерегиндеги коррупциялык иштерди айттым. Азыр андан башка дагы коррупциялык иштер ачыкка чыкканы турат. Аларды дагы бир кишиге жакпай каламын деп унчукпай олтура берейинби? Кыргыз элинин эсебинен төгүлө турган насыя акчаны шылуундар бөлүп алса, айтпай койчу депутат эмесмин. Мен коррупция менен шектелип абакка түшкөн КСДПнын жакын адамдары, мүчөлөрү тууралуу кайгырып айтып жатам. Чындыкты айткан мени партиядан чыгаруудан баштабай, күнөөлүү деп шектелип абакта олтурган адамдарды партиядан чыгаруу менен башташы керек болчу. Ошолордон тазалана баштаса, мен дагы биздин партия коррупциялык иштерден кулагы көрүнгөн адамдарды катарынан чыгарып тазаланып жатат деп айтмакмын. Алмазбек Шаршенович мен сыйлаган адамдардын бири. Суу ичкен кудугума түкүргөн жан эмесмин. КСДП менен депутат болуп шайланып келдим, ал үчүн ыраазычылыгымдан башка нааразычылыгым жок. Ал кишини билесиң да, ар дайым Кудайды оозунан түшүрбөгөн киши. Мен дагы ыймандуу адамдарды өтө сыйлайм. “Коррупцияга каршы согуш жарыяладым, аёосуз күрөш жүрөт” деп жүргөн киши, коррупционерлер жазасын алышы керек деген өзүнүн партия мүчөсүн партиядан чыгарып койгону, анын баштагы айткан сөзү менен кылган иши дал келбегени көрүнүп калды. Азыр фракциядан чыгарыш керек, комитеттин төрагалыгынан чакыртып алуу керек деп сунуш берип жатышат. Мени фракциядан чыгарыш керек деген маселе коюлганда, кесиптештеримдин баары “Бул биздин душман, чыгарыш керек” деген ойдон алыс болушса керек деп ойлойм. Коллегаларым өз чындыгын, бүгүнкү реалдуулук тууралуу өз пикирлерин жашырбастан эле айтып жатышат. Алар бирөөлөр үчүн “эл душманы” болуп калышкан жок. Ошондуктан, мени фракциядан “изгой” кылышы үчүн 38 депутаттын көпчүлүгүнүн добушу керек болот. Мен го коррупцияонерлер тууралуу айткан сөзүм үчүн жек көрүндү болуп жатам. Кыргыз улутуна, кыргыздын калпагына, каада-салтына, Баатыр энелерге шек келтирип сүйлөгөн кээ бир депутаттар бар. Эмне үчүн ошолорду чыгарбайт?

— Алгач “Ар-намыс” партиясынан депутат болуп келбедиңизби. Андан кийин Атамбаевдин “короосуна” кошулдуңуз. Ошол жакка кирип жатканда Атамбаев экөөңөр жигитче сүйлөшкөнсүңөрбү?

— Мени КСДПга Атамбаев өзү чакырган, мени партияңызга кошуп алыңыз деп өзүм барган эмесмин. Атамбаев премьер-министр болуп турган учурда коомдо туруктуулук жакшы эмес болчу. Парламенттеги коалиция бузулуу коркунучу бар эле. Биз анда оппозицияда болчубуз. “Ар-намыстын” 10 депутаты сүйлөшүп, оппозиция экенибизге карабай Атамбаевге жардам берип, туруктуулукту сакташ үчүн берки жээкке өтүп, коалициянын кулашына жол бербей, Өкмөттү сактап калганбыз. Ошондо Алмазбек Шаршенович өзү айткан “Кожоке, кийинки шайлоодо менин партияма кошулуп, кайрадан депутат болуп келесиң. Чогуу болобуз…” деп. 2015-жылы тизме түзүлүп жатканда дагы барган эмесмин. Өздөрү түздү. Мен көргөнүм да, билгеним да жок. Филармониядагы съездде окуганда гана ким канчанчы экенин билдим.

— КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов спикер болуп кетсе, фракция лидерлиги Кожобекке тийип калышы мүмкүн деген сөздөр айтылып жатат. Атамбаевдин ишенгендерин эмитен эле коррупционер деп айтып жатсаңыз, фракцияны колго алып алса, бизди эч ким укпайт, депутаттардан айрылабыз деген чоочулоо “Форумда” болгон жокпу?

— Мен КСДПга шек келтирген сөздү айтканым жок деп эсептейм. Коррупционерди коррупционер деп эле атайбыз да. Партиядан чыгарганына караганда көмүскөдө жаткан бир нерсе бар го деп ойлоп жатам. Коомчулукта Иса Шейшенкуловичти премьер-министр же спикер болот деген сөз бар. Рыспаев фракция лидери болуп калышы мүмкүн деп журналисттер да жазып калышууда. Мүмкүн, коррупционер деп айтып жаткан Рыспаевди фракция лидери кылабызбы?- деген ойлор туулуп жаткан чыгар. Мурунку президент айткандай баары Кудайдын колунда.

— Сиз кээ бирөөлөргө аныгында эле эски шефти таштап, жаңы президенттин колтугуна кире качкандай түр көрсөттүңүз окшойт го. Ошон үчүн сизди хамелеонго теңеп маалыматтарды берип жатышат да?

— Атамбаев өзү партиясы менен кошо Сооронбай Шариповичтин талапкерлигин алып чыгып, ушул киши гана президенттикке жарайт, ыймандуу президент болот деп шымалана иштеп, шайлоодо жеңишке жетишип, мыйзамдуу түрдө президенттикке олтургузуп, ишти баштагандан кийин эки досто ажырым пайда болду. Биринчи болуп Атамбаев өзү ар нерсени айтып чыкпадыбы. Экөө кандай сүйлөшүшкөн, кандай келишим түзгөнүн кайдан билебиз? Биздин көзүбүзчө сүйлөшүү жүргүзүшкөн эмес. Андыктан чындык тарапта эле болдум. Мен саткын, түз жүрбөгөн адамдарга каршымын, коррупционерди коррупционер деп эле айтам.

— Атамбаев өзү коррупция менен айыпталса, аны да коррупционер деп айтасызбы?

— Эгерде коррупциялык схемалардын башында Атамабаев өзү туруп, күнөөсү далилденсе, ал киши тууралуу да айтам.

— Сиз Бишкек ТЭЦинин мурунку директору Нурланды өзүңүз алып келген турбайсызбы? Аны кылмыш ишине тарттырбай калкалап жатканыңыз чынбы?

— Жомокту айта беришет да. ТЭЦтин директорун мен кантип дайындайын? Ал бала директор болуп жакында эле дайындалыптыр. Модернизация башталганда башка адам директор болгон. Муну неге айтышпайт? Нурланды кылмыш ишинен коргоочудай мен киммин. Атамбаев өзү жакындарын коргой албай жатса, мен кимдир бирөөнү коргой алмак белем?! Ал баланы комитеттин жыйынында гана көргөм.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу