Кожобек Рыспаев апендиче агынан жарылды…

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Кожобек Рыспаев кээ бир журналисттерге нааразы болду. Кожобек мырзанын кебине караганда, сөз эркиндиги Кыргызстандан башка эч кайсы мамлекетте жок. Айрым журналисттер чындыкка дал келбеген, базардагы адамдардын сүйлөшкөн сөздөрүн деле маалымат кылып жаза беришет имиш.
Бул эл өкүлүнүн мындагы ич күртүүлүгүн түшүнсөк, ЖМКлар тууралуу жазган мыйзам долбоорунан кийин журналисттердин андан кемчиликтерди табышы көңүлүнө катуу тийген окшобойбу. Ошонусун ал жыйында козгоп, “Мен баягыда үч депутат менен мыйзам жазгам. Анан эмне деп гана жазышкан жок.
Көзүң жумулуп калса, уктап жатат, сок ичип жатсаң арак ичип жатат дешет”-деп, айтылуу Апендиче агынан жарылды. Айтор, Кожобекке кыйын болду баарынан. Куудулчалыш неме бажырайып эле журналисттердин көзүнчө чалдыгып калып жатпайбы кашайып…

Булак: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу