Кожобек Рыспаевди сактап калууга ким ынтызарланды?

Жакында КСДПнын ЖКдагы фракциясы депутат Кожобек Рыспаевди өз курамынан чыгаруу жөнүндөгү маселени карады. Мурдараак ал Саясий кеңештин чечими менен партиядан чыгарылган эле. Баары алдын ала чечиле тургандай көрүнгөн: ал фракциядан автоматтык түрдө чыгып кетиши керек болчу. Бирок, таң калыштуусу, андай болгон жок.

Рыспаевди фракцияда калтырууга 26 депутат добуш берген. Башкача айтканда, өзүнүн партиясынын Саясий кеңешинин чечимине (Атамбаевдин чечимине каршы деп оку) каршы чыгышкан. Бул туурасында фракциянын лидери Иса Өмүркулов фракциянын катчылыгы аркылуу расмий маалымат таратты. Рыспаевди чыгарууга алардын төрт кесиптеши гана добуш берген.

Добуш берүүнүн сурамжылоо ыкмасы менен өткөрүлгөнү да кызык. Мындай айтканда, фракция чогултулган эмес, Өмүркуловдун кызматкерлери эле ар бир социал-демократ депутатка барып, Кожобек мырзаны фракциянын катарында жана ЖКнын отун-энергетика жана кендер боюнча комитетинин төрагасынын кызматында калтырууга добуш берүүсүн өтүнүшкөн. Мындай «кылдат жүрүш» эмненин урматына жасалды экен?

Кыязы, социал-демократтардын партиясын башкарууну Атамбаев (муну КСДПнын Саясий кеңешинин чечими көрсөттү) улантып жатса, фракциянын эки тизгин бир чылбырын эчак кимдир башка бирөө колго алгандай. Бул өлкө башында турган кишинин ишаараты болушу ыктымал. Бирок эгерде аларга фракциянын лидери Иса Өмүркулов каршы турганда, мындай болушу мүмкүн эмес болчу. Демек, алардын ырын ырдап жаткан ушул Өмүркулов болсо керек. Кызык, мунун аягы ал үчүн эмне менен бүтөр экен?

Алчы таасын жеген саясий түлкү Өмүркулов парламенттин биринчи чакырылышынан тартып бардык чакырылыштарында отуруп келатат. Эми Атамбаевден ачык эле кол үзүү менен саткындын кебетесин кийип калам деген тобокелге барып жаткан жокпу?

Мындай биринчи кадамды ал апрелде эле, КСДПнын парламенттеги фракциясы адегенде Сапар Исаковдун өкмөтүнүн отчетун жактырып, анан таптакыр теңирден тескери ишке барып, анын өкмөтүнө ишеним көрсөтпөөгө добуш бергенде жасаган эле. Эми кырдаал курчуп баратат, Өмүркуловдун кандай тандоо жасаганы элдин баарына ачык болмокчу.

Булак: “Ачык сөз”

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу