Кожобек Рыспаевди КСДП фракциясынан чыгаруу маселеси каралды

Кечээ, 28-сентябрда  Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын отурумунда депутат Кожобек Рыспаевди фракциянын курамынан чыгаруу маселеси каралды. Бул боюнча жыйын  жабык эшик артында өтүп, акыркы чечим кийинки жумада кабыл алына турган болду. Фракция лидери Иса Өмүркулов Рыспаевди фракциядан чыгаруу үчүн талкуу кызуу жүргөнүн бирок чечим кабыл алынбаганын айтты. Бул маселе боюнча чечим кийинки жумадагы жыйында каралмакчы.

Булак: Барометр 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу