Кожобек «критке» кеттиби?

КСДПдан чыгарылган Кожобек Рыспаевди эми фракциядан чыгаруу маселеси каралганы жатат. Бирок Рыспаев «Мен фракциядан чыкпайм, менин депутаттар менен чатагым жок» — дегенди айтып ыйлактап жаткан учуру. Бирок кокуйлап жаткан Кожобектин жүйөсүн фракциядагы депутаттар угабы же кой чүкөңдү мындан ары алыс ойно деп иттен чыгарып коёбу белгисиз. Анткени Рыспаевге карата ишеним өлдү. Куловду сатты, Атамбаевди сатты. Убагы келгенде азыркы бийликтен деле жүз буруп кетээри бышык. Ошондуктан Рыспаевдин саясий карьерасына Жогорку Кеңештин ушул чакырылышы менен чекит коюлат окшоп калды. Кийинки шайлоодо Кожобекти катарына кошуудан партиялар заарканып калышты. “Критке” кетти көрүнөт…

Булак: «Фабула» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу