Кожобек «кожо» крит болгондо…

КСДПнын Саясий Кеңешинин 29-августта болуп өткөн отурумунда партиянын Жобосу­на, максаттарына жана милдеттерине каршы келген иш-аракеттери үчүн Кожобек Рыспаев КСДПнын катарынан чыгарылганы туурасында партиянын маалымат кызматынан кабарлады. “Кожобек Рыспаев КСДПнын уставынын 2. 8. -бөлүгүнө ылайык партиянын негизги максатта­рына, милдеттерине жана Уставына каршы иш кылгандыгы үчүн партиянын катарынан чыга­рылат”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле саясий кеңештин атынан КСДП­нын Жогорку Кеңештеги депутат мүчөлөрүнө Кожобек Рыспаевди парламенттин Отун-энер­гетикалык комплекс жана жер казынасын пай­далануу боюнча комитетинин төрагасы кызма­тынан чакыртып алуу сунушталды. Партиянын саясий кеңеши ошондой эле Жогорку Кеңеш­теги КСДП фракциясынын депутаттарына Ко­жобек Рыспаевди тиешелүү убактылуу комис­сиялардагы, жумушчу топтордогу жана турук­туу делегациялардагы мүчөлүгүнөн чакыртып алууга кеңеш берди.

Рыспаев болсо партиянын катарынан эмнеге чыгарышканын териштирбей турганын, бирок парламенттеги отун-энергетика комплекси жа­на жер казынасын пайдалануу боюнча комитет­тин төрагалыгынан «ала алышпайт, мен кет­пейм!» деп жүрөт.

ДОСЬЕ ОРДУНА

Рыспаев 2010-жылы “Ар-Намыс” сая­сый партиясынын тизмеси менен V чакы­рылышта, 2015-жылы КСДП партиясынын тизмеси менен VI чакырылышта Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2012-жылдан бери парламенттеги Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагалыгын аркалайт. (негизи эле бу жигит жөнүндө жакшы эмес сөздөр чынында өтө эле көп айтылып келет)

Булак: «Айгай»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу