Кодуранова УКМКга чакырылдыбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина КСДП фракциясынын депутатын Атамбаевди партийный юбилейи менен куттуктап келгенден кийин УКМК чакырганын айтып чыкты.

Бул тууралуу ал: “Биз Асель Кодуранова экөөбүз «Форум» имаратына Алмазбек Шаршеновичке жолукканы келдик, – дейт ал. – Ал абдан кубанып: “Аял партиялаштарым ишеничтүү экен” – деди. Биз атайын эч кимден коркпогонубузду көрсөтүп бардык. Ал эми партиянын ички ыйкы-тыйкысы өтүп кетүүчү нерсе. Мындай юбилейде биз лидерибизди колдоп коюшубуз керек.

Бирок бизди кейиткен нерсе, ал жерде бизди укук коргоо органдарынын кызматкерлери саксактап жүрүштү. Биз ал жактан келгенден кийин биздин бирөөбүздү УКМК чакырып кеткенде мен аябай жаман акыбалда болдум. УКМКдагылар “Форумга эмнеге бардыңар? Ал жерде эмне кылдыңар? Эмне максатыңар бар” – деген суроолор менен мазасын алышкан” – деп билдирди. Мындай көрүнүштүн арты жакшы болбой турганын да кошумчалады.

Демек, «биздин бирөөбүздү УКМК чакырып кеткенде» дегенине караганда, Карамушкина айткан депутат Кодуранова экени талашсыз.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу