Коалиция тараса спикер да алмашышы керек деген эреже жок

 

Бишкек шаардык кеңешиндеги коалиция КСДП фракциясынын чыгып кетиши менен ураган. Бирок, спикер өз ордунда азырынча кала берет.

Бул тууралуу спикердин орун басары Валентин Лисниченко билдирди.

«Биздин укуктук документтердин эч биринде колация тараса спикер да сөзсүз алмашышы керек деп жазылган эмес. Ошондуктан азырынча Канатбек Мүзүралиев өз ордунда калат. Эгер эле өз каалоосу менен арыз жазып кетпесе, спикерлик милдетин аткара берет», — дейт Лисиченко.

Ал жаңы коалиция кандай түзүлөөрүн божомолдобой турганын кошумчалаган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу