«КМШ сулуусу — 2017» конкурсуна катышкан кыргызстандык кыз эң акылдуу деп табылды

Таажы үчүн 24 бийкеч ат салышкан.

«КМШ сулуусу — 2017» эл аралык сулуулук конкурсуна Кыргызстандын атынан катышкан Айсулуу Абдыбакасова «Акылдуу сулуу» титулун жеңип алганын ал Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

                                                                                         «КМШ сулуусу — 2017» эл аралык сулуулук конкурсуна Кыргызстандын атынан катышкан Айсулуу Абдыбакасова «Акылдуу сулуу» титулун жеңип алган

                                                                      Конкурстун финалына шериктештиктеги жана мурдагы СССРдин курамында болгон мамлекеттерден 24 бийкеч катышып, ал Армениянын борбору Ереван шаарында өткөн.

                                                                                     Быйыл биринчи жолу өтүп жаткан сулуулук конкурсу КМШнын мамлекеттер аралык комитетинин көмөгү менен Армениянын экономикалык өнүгүү жана инвестиция министрлигинин жана Ереван шаарынын мэриясынын колдоосу алдында өткөн.

Конкурстун финалына шериктештиктеги жана мурдагы СССРдин курамында болгон мамлекеттерден 24 бийкеч катышып, ал Армениянын борбору Ереван шаарында өткөн. Мелдештин жеңүүчүсү деп армениялык модель жана актриса Шушан Ерицян табылган. Биринчи вице-сулуу наамы Россиядан келген Ксения Александровага берилсе, экинчи вице-сулуу титулу Башкыртстандан келген Альбина Ахтямовага ыйгарылган.

Быйыл биринчи жолу өтүп жаткан сулуулук конкурсу КМШнын мамлекеттер аралык комитетинин көмөгү менен Армениянын экономикалык өнүгүү жана инвестиция министрлигинин жана Ереван шаарынын мэриясынын колдоосу алдында өткөн.

Айсулуу Абдыбакасова Кыргызстандын атынан буга чейин да эл аралык деңгээлдеги конкурстарга катышкан. Мисалы былтыр Камбоджада өткөн Miss Tourism Metropolitan International эл аралык конкурсунда өлкө намысын коргогон. Андан сырткары, Түркиянын Бодрум шаарында өткөн «Дүйнө ханбийкеси — 2016» конкурсуна да катышкан.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу