Клон сериалындагы Хадижа менен Самира кандай болуп өзгөрдү (сүрөт)

2000-жылдардын башында популярдуу болгон «Клон» сериалы кимдин эсинде? Албетте баарыбызды ыйлатып, башкы каармандар менен кошо толкундатып, чыгыш жомогуна жетелеген бул бразилиялык сериал башталганда иштин баарын жыйыштырып коюп, сыналгынын алдына отуруп калчу элек. Бүгүн биз сүйүктүү сериалдын кичинекей актрисалары Хадижа жана Самира тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Латифанын кызы Самиранын ролундагы Стефани Фернандис ди Бриту азыр 30 жашта.

1987-жылы Сан-Паулуда төрөлгөн актриса кичинесинен моделдик курстарга барып, актердук чеберчиликке үйрөнүп келген. Ошондуктан кичинекейинен жарнамалык роликтерге тартылып жүрүп, тажрыйбы топтогон.  10 жашынан Chiquititas Brasil аргентиналык сериалына тартылган. Популярдуулук алып келген албетте эле «Клон болгон, кийин Стефани «Ангел, упавший с небес» (2001), «Талисман» (2004), «Страница жизни» (2006), «Тяжелый груз»  (2007), «Запретное  желание» (2007), «Жизнь людей» (2011) жана башка тасмаларда роль жараткан.

2009-жылы ал Алешандро Патого турмушка чыккан. Бирок бир жылдан соң ажырашып, күйөөсүнүн байлыгынын 20 пайызын сураган. Азыр мурунку күйөөсүнүн акчасына жашайт. Сериалдарга тартылбай калган.

Карла Диас Хадижанын ролун аткарган. Сан-Паулудагы дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн кыз азыр 26 жашта. Фотомодель жана актриса.

2,5 жашында биринчи жарнама тартылып, 2 жылдын ичинде 70ге жакын роликте роль жараткан.

1994-жылы сериалдар дүйнөсүнө акырындап биринчи кадамдарын жасаган, ал эми 2000-жылы «Клон» жана «Семейные узы» сериалынын продюссери менен келишим түзгөн.

12 жашында Диас 6 сыйлык алган. Анын ичинен бешөө «мыкты жаш актриса» наамы.

Булак:sakal.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу