Клон сериалындагы Жадинин бүгүнкү жашоосу


Жованна Антонелли “Клон” сериалында Жадинин образын жараткан бул актриса эки жолу жарандык никеде жашап үч балалуу болгон. Азыр режиссёр Леонардо Ногейро менен да жарандык никеде жашайт. Андан эгиз кыздуу болду. Башынан көп турмушту өткөргөн актриса азыр, туруктуулукту эңсеп келет.

“Клон” сериалы тартылып жаткан мезгилде андагы башкы каарман Лукастын ролун ойногон Мурилу Бенисиу менен да жакын мамиледе болгондугун жашырбайт.

Алардын мамилеси Жованнанын күйөөсү менен ажырашууга  алып келген. Мурилудан Пьетро деген балалуу болуп, бирок көп өтпөй эле эки жылдыз кызганычтын айынан ажырашкандыгын жарыялашкан.

Жалпысынан азыркыга чейин Жованна 9 көркөм тасмага, 20 сериалга тартылган. Жакында эле “Правила игры” аттуу криминалдык драмада кылмышкердин ролун жаратты.

 

Булак: ilon.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу