Клара Кабилова кош жарандуу

ЖК депутаты Аида Салянованы Жогорку Кеңештин кеңсесинен ыргыта тебишкенден кийин “кош жарандуулугуна карабай” БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова ЖК депутат болуп келди.

Өзүнүн аты-жөнүн Клара-Гүлнара Самат деп өзгөртүп алган апчибиз Клара Кабилованы Боршайком каттоодон кантип өткөрүп салды экен. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Аида Салянованын ордуна Болот Шер келет деген маалымат каңкууланган эле.

Аида Салянованын ордуна депутат болуп келген Клара Кабиловада орус жарандыгы бар экендигин айтып, айрым активисттер аны тактоону БШК тарапка коңгуроо каккан. Актвистердин айтканы чындыкка дал келип, Кабилованын жарандыгы орус экендиги такталган паспортунун көчүрмөсү редакциябызга келип түштү.

Эске сала кетсек, Клара Кабилова Бакиевдердин бийлигинде кордук көрдүм деп, Орусияда жашап жүргөн. Кийин ысымын өзгөртүп Гүлнара-Клара Самат болуп алган. БШК Кабилованын чоо-жайын эң сонун билип туруп, кош жарандуулугу бар айымга мандат бербеши керек эле же адашып кетти бекен…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу