Клара Алибековага жардам берели

Учурунда “Кыргызымдын жигиттери”- деп обон созуп, кыргыз элине таанымал болгон
Клара Алибекованын чыгармачылыгына колдоо көрсөтүү максатында “Кыргызымдын
жигиттери Клараны колдойлу” аттуу акция уюштурулуп жатат. Бул тууралуу журналист
Элнура Кулуева фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Анда
“Аргымактар арыш керет.
Азанатып, азанатып,
Азаматтар намыска бек.
Шамдай жанып алышып,
Шамал менен жарышып…..
Клараны колдоп кетээр кыргызымдын жигиттери
чыгаар бекен?
Адамга жакшылык жасоо бул баарынан баалуу нерсе.
Урматтуу кыргызымдын жигиттери, кыргызымдын
айымдары , замандаштар,достор, пикирлештер,
агайын-туугандар ,журналисттер, ырчылар!!!!!!!
Кыргыз эли талантты баалап , өнөр адамдарын аздектеп сыйлап колдоп ,жөлөп келген эл деп ушул
чакан кайрылууну ишеним менен жазып жатабыз. Үлбүрөгөн гүлдөй назик, баладай ишенчээк , арген
үндүү таланттуу ырчы Клара Алибекова да учурда биздин жылуу сөзүбүзгө, тирегибизге муктаж.
Турмуштун не бир карама -каршылыктарына жаштыгы бой тиреп тура албай калса да бирок, анын
сүйкүмдүү жүзү, мукам үнү “Кыргызымдын жигиттери” деген ыры менен кыргыз журтунун
көкүрөгүндө кыт уюгандай ,элдик сүйүүдөй орноп калган. “Кыргызымдын жигиттери” кыргыздын
жигиттеринин ГИМН болуп калды деп айта алабыз. Бар талантты өз убагында барктап, сыйлап,
колдоп жөлөп алалы деген ниетте “Клараны колдоп кетээр кыргызымдын жигиттери чыгаар бекен”-
деп үн салып, “Кыргызымдын жигиттери ,Клараны колдойлу”-деген акциябызды баштадык. Клара
турмуштун татаал соккуларны жеңип, чыгармачылыгына экинчи өмүр берип , жаңы ырлар, жаңы
клиптер, жеке концерттери ушул колдоодо болсо деп тилек кылып жатабыз.Бул чакырыкка кайдыгер
карабаңыздар! Кыргыз жигиттеринин желегин желбиретип дем берген Клара Алибекованы колдойбуз
деген жумушчу топ түзүлдү.Баарысы ФБ аянтачасында колдоолорун жазышат. Кол кабыш кылам
дегендерге эшик ачык. Мен ойлом тизме дагы уланат. Себеби бир адамдын, бир таланттын
тагдырына кайдыгер карабаган инсандар көп. Жакшылыгыбыз ,жарыгыбыз бири-бирибизге тийип
турсун. Баардык жасап жаткан иштерге Алла ыраазы болсун!”-деп жазган Кулуева.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу