Россияда 11 жаштагы баланын кирпиги узаргандан узарып 4 сантиметрге жетти. Бул тууралуу орусиянын басылмалары жазып чыкты. Маалыматта айтылгандай, бала төрөлгөндө эле узун кирпиктери менен төрөлгөн. Бирок, улам чоңойгон сайын, анын кирпиктери дагы узарып жатканын ат-энеси байкаган. 11 жаштагы Муин Бачонаевдин ата-энеси Тажикстандан Россияга көчүп келгендиги айтылат.
Баланын кирпиги 3 сантиметрден өткөндө Орусиянын гиннестер китебине кирген.
Ал эми Муиндин өзүнүн айтымына караганда узун кирпиктер ага тоскоолдуктарды жаратпайт.
БУЛАК:barometr.kg