Киран Сингх Верма, Жавахарлал Неру университетинин профессору, котормочу: “Чыгармалары менен жандүйнөлөрдү, жүрөктү солк эттирген Айтматов өлгөн жок, ал тирүү”

Индия өлкөсүндөгү Жавахарлал Неру университетинин Орус илим изилдөө департаментинин профессору Киран Сингх Верма айым биздин өлкөдө. Профессор айым биздин залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп, хинди тилине которуп, Индия элине тааныткан. Бул котормону Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашовага тапшыруу аземи болуп, Киран Сингх Верма айым менен маек курдук.

— Алгач мага кызык болуп турат, алыскы Индия элинин кызы Айтматов дүйнөсүнө кантип сүңгүп кирди? Кызыгуу кантип жаралды?

— Биздин адабий бөлүмүбүздө Айтматовдун чыгармалары да окутулат. Мен 3-курста окуп жүргөн кезде “Текстти анализдөө” деген атайын сабак  окутулчу. Ошондо алгач ирет Айтматовдун “Атадан калган туяк” чыгармасынан текст алып, анализ жасадым. Ал чыгарма абдан жакты. Аны окуганда ыйлап алганым дагы эсимде. Кийин окутуучу болуп иштеп жүргөндө аны которуп, белгилүү бир адабий журналга жарыяладым. Ошол 1970-жылдары Айтматовдун бир нече чыгармаларын которо баштадым. Мисалы, “Жамийла” “Биринчи мугалим” ж.б. Мен силердин өлкөңөргө былтыр январь айларында келип, Айтматовдун 90 жылдык мааракесин белгилөөгө катуу даярдыктар жүрүп жатканын уктум.  Анан мага “сен бул жакта жүргөндөн кийин Айтматов тууралуу бир нерсе жарыяла” деп кеңеш беришти. Эгерде мен чоң романды которуп баштасам ал узакка созулуп кетмек. Анан бир нече аңгемелери минтип жарыкка чыгып отурат.

— Айтматовдун акыркы чыгармаларын окудуңузбу? “Кассандра тамгасынан” “Тоолор кулаганда” романынан кандай таасир алдыңыз?

— “Тоолор кулаганда” – бул абдан мазмуну терең чыгарма.  Мага бул чыгарманы которууну сунуш кылышты. Дагы бир биздин профессорубуз бул чыгарманы которууга кызыгып жатканын айтты. Ал которбосо, мен бул чыгарманы которууга белсенип турам. Кандай болгон күндө да бул улуу жазуучунун акыркы чыгармаларынын бири. Акыркы айткан улуу ойлору камтылган чыгарма. Кайра-кайра окуу керек. Казылып бүтпөгөн кендей ойлордун артынан ойлорго жетелеген бир сыйкыр.

 — Айтматовдун 31 учкул кептерин  которупсуз. Жүрөгүңүзгө эң жакканын, селт эттиргенин айтыңызчы?

— “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” – бул эмне деген селт эттирген сөздөр. Бул сыйкырдуу сөздөрдү окуп алып, Айтматовдун бир нече учкул кептерин которууга белсендим.  “Сени тааныгандар жашап жатканда сен да тирүүсүң” ж.б. учкул кептери ойго салат.

— Айтматовдун чыгармаларын Индия окурмандары кандай кабыл алды?

— Мен чыгармаларды которгондо кандай сезимдерге кабылдым? Которгондон  кийинки чыгарманын редактору, менин студенттерим, туугандарым окуганда көздөрүнө жаш алганын, табиигаттын өтө кооз сүрөттөлгөнүн, чыгарманы окуп баштаганда тасма сымал көз алдыңдан чубап өтүп жатканын айтышты. Алар дагы мен сезгенди сезишти, туюшту. Адамдын улутуна, өңүнө, кандай өмүр баянына карабай, ар бир адамдын жандүйнөсү, сезимдери бар. Алар баарын бирдей сезишет. Бирдей туюшат.

— Өзүңүз чыгарма жазасызбы?

— Айтматовду, анын чыгармаларын окуган соң кайрадан окугуң келет. Ошону менен өзүң да чыгарма жазгың келет. Бир нерсе жараткың келет. Мен орус тилинде 51 тексттен турган чыгарма жараттым. Ал чыгарма студенттериме абдан жакканын баамдадым.  Чыгармалары менен жандүйнөлөрдү, жүрөктү солк эттирген Айтматов тирүү. Ал өлгөн жок демекчимин.

— Биздин өлкөбүздө жүргөнүңүзгө көп болуптур, кандай сезимдесиз?

— Мага баарынан жаратылыш, кооз жерлериңер жакты. Таптаза аба. Мына декабрдын ак кары. Айлананын баарып аппак, таптаза. Экинчиден, адамдар абдан жакты. Улууларды урматтаганы, конокторго сый мамилелери айтып бүткүс. Индия менин биринчи мекеним болсо, Кыргызстан экинчи мекеним деп айткым келет.

— Айтматов өз доорун жазып кетти. Экинчи дүйнөлүк согуш маалы, согуштан кийинки жылдар.  Бүгүнкү жазуучулар роман баштаса эмнени жазса болот?

— Азыркы учурда айланабызда эмне деген окуялар болуп жатат. Окуялар курчуган замандабыз. Бүткүл дүйнө жүзүнүн төрт бурчунда дене бойду титиреткен терракт көп болууда. Анын айынан канча кайгылар, жоготуулар, өлүмдөр, жетим калган балдар ойлонтот. Аны жүрөккө жеткире жазылган чыгармалар болсо балким канат жайып бара жаткан жардыруулар азаймактыр.

Бул динге эле байланыштуу эмес. Ар кандай адамдар ар кандай кылмыштарды жасап жатат. Адам сатуу, кулчулук бул да оор кайгы. Анан сүйүүнү, турмушту жазса болот. Сүйүү – бул айтылып бүткүс тема. Балага, ата-энеге, мекенге болгон сүйүү. Мисалы, менин атам бизди катуу кармаган бекем адам. Мен алыска кеткенде апам атамдын ыйлаганын айтты, бул мен үчүн ойго келбеген окуя. Бирок, бул балага болгон сүйүү. Балага болгон сезим.

— Индияны тасмалары аркылуу жакшы билебиз. Каада-салттары, жашоолору, сүйүүлөрү чындап тасмадагыдайбы?

— Тасмадагы ырдап, бийлгендерине кошула  албайм. Бирок салт, жашоо, сүйүү ошондой десем болот. Бизде ажырашуу абдан эле аз санда. Нике кыйылганда бул тирүүлүк эле эмес, андан кийинки  жети жашообузда бирге болууга антташабыз. Бул жашоодон кийин да жети жолку кайра жаралуубуз, жети жолку жашообуз бар экенине чон ишенимдебиз.

 

Индия Айтматовду окуйт

16-ноябрда Индиядагы белгилүү, эң чоң университеттердин бири Жавахарлал Неру университетинин Орус илим изилдөө департаментинде улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган  “Индия Айтматовду окуйт” деген акция өткөрүлгөн. Бул акцияга университеттеги мугалимдер, студенттер, профессорлор, декан, ректорлордун бардыгы катышып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан орус тилинде үзүндү окушкан. Ошол эле күнү профессор Киран Сингх Верма айым Айтматовдун китептеринин бетачарын жасаган. Индиядагы бул иш-чаранын башынан аягына чейин катышкан Кыргызстандагы уюштуруучусу жана координатору Кыргыз улуттук университеттин докторанты Хадича Шамбеталиева эже болду.Хадича эженин  айтымында, индия эли, студенттер, окумуштуулар жазуучубуздун китебин абдан жылуу маанайда кабыл алышкан.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу