Ким “хансарай” салбай калды?.. Же 8,5 миллиард сомдун таржымалы

Кыргызда: “Кадам ташташы жакшы” – деген кеп бар. Анын сыңарындай ажобуз Сооронбай Жээнбековдун алгачкы иш аракеттери карапайым калкка “майдай жагып” турган кез. Башкасын айтпаган күндө да, коррупция менен күрөш мурдагыдай сөз менен гана чектелбестен, иш жүзүндө болуп жатканына жалпы эл күбө.

Карапайым калк болсо, Сооронбай Жээнбековдун мындай батыл аракеттерин кош колдоп кубаттап: “дагы кайсыл жемкор кармалды болду экен” деп телевизорду тиктеп, гезиттерди барактап калганы бүгүнкүнүн чындыгы. Мурунку ажонун 600 доллардан аттиш сатып алган “аткошчулары” темир тор артына кирип кеткени менен, дале болсо Фарид Ниязовго окшогон “балит-ехнологдору” агыткан “иттер” Сооронбай Жээнбековду жаман атты кылуунун үстүндө “иштеп” жатканы сезилип турат. Маселен, айрым ММКларда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшүүдөн улам казнага келип түшкөн кирешелерин салыштырган уй тилиндей макалалар жарыяланды.

Макалада, Алмазбек Атамбаев, 2017-жылы коррупция менен күрөштүн натыйжасында мамлекеттин бюджетин 8,5 миллиард сомго көбөйткөнү айтылган. Ал эми Жээнбеков болсо бир жылга жакын убакта коррупция менен күрөшүүдөн болгону 700 миллион сом тапканы жазылган. Албетте, маалыматы жок адам “Атамбаев укмуш турбайбы, Жээнбеков эмне текей терип жүрөбү?” – деп ойлошу толук ыктымал. Бирок, кептин “төркүнү” такыр башка жакта. Биринчиден, акыйкаттык болуусу үчүн Атамбаев президенттик 6 жыл мөөнөтүндө коррупция менен күрөш жүргүзүп канча каражатты казынага кайтарганын эсептеп чыгыш керек. Антпесе, Жээнбековдун жарым жылы менен Атамбаевди салыштыруу акылга сыйбаган иш. Экинчиден, Атамбаевдин эмгеги катары сыпатталып жаткан 8,5 миллиард сомдун басымдуу бөлүгүн азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ак эмгегинин натыйжасы экенин айта кетүү абзел. 2017-жылы жалпы республикалык бюджеттин кирешеси кандайча көбөйгөнүнөн кабарыңыздар барбы?

Кыязы, акыркы бир жарым жылдагы ар кандай саясий окуялар менен алпурушуп жүрүп көпчүлүгүбүз ошол кездеги Премьер-Министр Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү, кыска убакыттын ичинде республикалык бюджеттин кирешесин мурда болуп көрбөгөндөй көбөйткөнүн эсибизден чыгарып койсок керек. Андыктан, мындай ийгилик кандайча жаралаганын эсиңиздерге салып коюуну эп көрдүк. 2017-жылдагы бюджеттин киреше бөлүгү Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан бекип калган эле. Бирок, ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө туура келген.

Анткени бюджеттин кирешеси 13060,6 миллион сомго өсүп 2017-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү долбоорго өзгөртүү киргизүүдөн кийин 139899,1 миллион сомду түзгөн. Келип түшкөн кирешелерди түзөтүүлөрдүн ичинде, мамлекеттин пайдасына 5 416,2 миллион сом башкы прокуратура тарабынан “Алфа телекомдун” (Мегаком) камакка алынган каражаттарынан жана 1 миллиард 700 миллион сом “Скай Мобайлдан” ( Билайн) келип түшүүсү күтүлгөн. Сооронбай Жээнбеков Премьер- Министр кезинде бул каражаттарды таап чыгып мамлекеттин бюджетине которууну тапшырган. Болбосо, бул каражаттар да экс президент Атамбаевдин айланасындагылардын чөнтөгүнө түшүп кетери турган иш болчу.

Демек, Сооронбай Жээнбеков бир жылга жетпеген Премьер-Министрлик кызматында, жогоруда аталган компаниялардын мамлекеттен жашырылган жана башка булактардан республикалык бюджеттин кирешесин 7 миллиард сомго көбөйткөн! Ушул каражаттардын эсебинен, мамлекеттик маанидеги “Таза Коом” долбооруна -220 миллион сом, Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду авто жолун реконструкциялоого – 500 миллион, Ош-Бишкек жолуна 80 миллион сом, райондун борборлорундагы жолдорду капиталдык ремонттон өткөрүүгө 600 миллион сом, Каракол жана Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө -150 миллион сом, Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарындагы жаратылыш кырсыктарынан улам жабыркаган объектилерди калыбына келтирүүгө — 400 миллион, мамлекеттик тарых музейин капиталдык ремонттон өткөрүүгө -700 миллион сом, ирригациялык системаларды оңдоп түзөөгө 800 миллион сом жумшалган. Калган каражаттар ар кандай маанилүү социалдык- экономикалык муктаждыктарга сарпталган. Жалпак тил менен айтканда, ири долбоорлорду каржылоо үчүн жогоруда аталган эки ири компаниянын мамлекеттен жашырып койгон каражаттары жумшалган.

Эгерде, Сооронбай Жээнбеков бул каражаттарды таап чыкпаганда, кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүн “ ысытып” кулкунуна куюлуп кетмек экен. Бул каражаттар ошол кездеги Премьер-Министр Сооронбай Жээнбековдун эрктүү чечиминен улам өнүгүүгө жумшалды. Болбосо, экс ажонун жакындарынын бирөөсү 30 гектар жерге хан сарай салып алуусу да мүмкүн эле…

Демек, Атамбаев өзүнүн жетишкендиги катары көрсөтүп жаткан 8,5 миллиард сом каражат, чындыгында ошол кездеги Премьер-Министр Сооронбай Жээнбековдун эффективдүү иш аракетинин жана чынчылдыгынын натыйжасынын жыйынтыгы болгон. Андыктан, чындыкты бурмалай бербей, ар кимге тийиштүү, татыктуу ордун бергенибиз оң.

Бектурсун Эгембердиев

Булак: «Де Факто»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу