Кийим кандай жарашарын аныктаган тиркеме

2017-жылы “ScreenShop” аттуу тиркеменин жарнамасы жакшы жарыяланган эле. Кийимди сүрөткө тартып, анын кайсы брендке тиешелүү экенин аныктоочу программаны Молли Гурвиц ойлоп тапкан. Жакында гана “Google” анын жакшыртылган версиясын жасап чыгарды. Ал “Style Match” деп аталат.

Жаңы тиркеме брендди аныктап гана койбой, башка дагы ыңгайлуу үлгүсүн табууга да жардам берет. Адамдын чөнтөгүнө карай тандоону сунуштай алат. Тиркеме азырынча болгону “Android” жана “Google Lens” камерасы менен жабдыкталган смартфондорго орнотулган.

“Style Match” кийимди сканерлеп, анын өзүн же окшош түрүн кайсы жерден канча акчага сатып алууга болоорун көрсөтүп берет.

Булак:zaman.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу