Киви менен сулуулукка сулуулук кошуңуз!

Кыздардын кемчиликтеринин бири беттеги кара тактар. Безетки менен учук сыяктуу көрүнбөсө да баарыбыздын тынчыбызды алат. Кара тактар же камидондор бет терисинин чаң же болбосо кир менен бүтөлүшүнө байланыштуу пайда болот. Ошол себептен майда тешиктердин түсү кара болуп калат. Адамдын көзүнө алар кара точкалар болуп көрүнөт. Камидондор көбүнчө мурун, чеке, ээкке көп чыгат. Беттеги кара точкаларды жашырабыз деп түрдүү ыкмаларды колдонобуз. Болушунча тоналдык крем сүйкөп кара точкаларды жашыргыбыз келет. Бирок үйдөгү жөнөкөй ыкмалар менен кара точкалардан кутулууга болот экен.

Ал үчүн бизге:

-Киви

-Манка буламыгы (каша)

Киви С жана Е витаминдерине бай экени белгилүү. Ошондуктан организмге гана эмес бет терисине да пайдалуу. Кивинин жардамы менен кара точкалардан кутулуп гана койбой бетти агартууга болот. Ал эми манка буламыгы В1, В2, крахмал, В6, Е витаминдерине калий, кальций, натрий, магний, фосфор, темир сыяктуу минериалдык заттарга бай.

Кара точкаларга каршы масканы кандай жасалат?

Кивинин жарымын эзип аласыз. Андан кийин эки чай кашык манка буламыгы кошобуз. Даяр болгон аралашманы бетке сүйкөйбүз. Аралашманы сүйкөгөндөн кийин бетиңиз бир аз ачышса демек кивинин курамындагы органикалык заттар таасир берди деген сөз. Аз гана убакыттан кийин бетинизди муздак суу менен жууңуз. Артынан бетиңиз кургап калбашы үчүн милдеттүү түрдө бет май сүйкөңүз.

Белгилей кетүүчү жагдай киви жана манка буламыгы кошулган аралашманы бетиңизге күнүнө бир жолу сүйкөп туруңуз. Эгер дал ушул кошулма менен пилинг жасагыңыз келсе, анда масканы бетиңизге сүйкөп 10-15 мүнөт кармап туруңуз. Андан кийин жылуу суу менен чайкаңыз. Пилингти айына бир жолу жасаш керек. Жайында бетиңиз аппак жана сулуу болсун.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу