“Кеңеш” тобу: “Ортодо ишеним болгону үчүн чогуу ырдап ээрчип жүрөбүз…»

Чыгармачылык чөйрөдө дайыма эгиз козудай ээрчишип жүргөн “Кеңеш” тобу көптөн бери көрүнбөй кеткен эле. Мунун себебин Мүзүр мырза менен Гүлмира айым бизнес тармагында иштеп жаткандыгы менен түшүндүрүштү.

– Саламатсыздарбы? Акыркы учурда сахнадан көрүнбөй кеттиңиздер. Себеби эмнеде?

Мүзүр: – Саламатсыздарбы, жалпы кыргыз элим, жалпы окурмандар? Көрүнбөй калганыбыздын себеби, Гүлмира 2-3 жылдан бери өзүнүн жеке бизнеси менен алек болуп, чыгармачылыктан бир аз алыстап кеттик.

Гүлмира: – Баары эле «соода-сатык менен алектенип, шоу-бизнестен алыстап кеттиңер» деп жатышат. Чынында соода көп убакытты алат экен. Мүзүр «муну ырдайбыз» деп жаңы ырларды чыгарып жүрөт. Жакын арада чыгармачылыкка шымалана киришебиз деп жатабыз.

– “Асманды карап алып ыйлап тилек айтчубуз” деп айтканыңыздар бар. Ошол тилектер орундалдыбы?

М.: – Белгилүү ырчыларды көрүп алып, “биз дагы ошондой ырдап чыксак жакшы болот эле” деп тилек кылчубуз. Ал учурда калың журтка белгилүү болбосок дагы, айылыбызда жылдыз болуп жүрдүк. Шаарга келгенден кийин бардык каалоо-тилектерибиз орундалды.

– 16 жылдан бери чогуу түтүн булатып, бири-бириңиздерди толук таанып бүтө алдыңыздарбы?

Г.: – Мүзүр мага «сен мени кандай деп айтсаң, мен ошондоймун» деп айтып калат. Ооба, мен Мүзүрдү толук эле биле алдым. Бул мени биле алдыбы, аны билбейт экем (күлүп).

М.: – Эми бул мен жөнүндө көп нерсе билет экен, мен билбей жүрүптүрмүн дебейинби (күлүп). Албетте, 16 жыл бирге жашагандан кийин билесиң. Бардык сапаттары жагат. Жакпаган сапаттарын айта берейинби (күлүп)? Гүлмира абдан ишенчээк, айкөл адам. Ушул сапаттарынын көп залакасы тийди. Азыркы учурда “Бир көзүң экинчи көзүңө душман” деген сөздү карманып жашаш керек. Ошон үчүн дайыма буга эскертип “Сак бол, өзүңө, Кудайга гана ишен!” деп айтам.

– Мүзүр мырза, ырларыңыздын баары жубайыңызга арналганбы же?..

М.: – Ыр ар кандай учурда жаралат. Көбүнчө эргүү келгенде. Ошондуктан ушуга арналган деп сөөмөйүм менен бирөөнү көрсөтө албайм. Биз ырдын сөзү, обону дал келип, ага клип тартып элге жайылтсак деп ойлойбуз. Бир гана “Ханышам” деген ырымды атайын Гүлмирага арнагам. Ошондон бери менин ханышам бойдон келе жатат.

– «Бир кыз СМС жазып жинге тийип жүрөт» деген элеңиз. Ал жагы эмне болду?

М.: – Азыр менин жиниме эч ким тийбей калган. Аны Кудайга койдук. Эми бизге гана эмес, депутаттарга чейин каралоо болуп жатпайбы.

Г.: – Азыр деле хейтерлер ар кандай сөздөрдү жазып жөнөтүшөт. Кээде айрым сөздөргө чыдабай, ызаланып кетем. Кээде айтышып урушканга чейин барам. Андай учурларда Мүзүр “Кудайга коюп кой, мага мындай нерселерди айта бербечи” деп коёт. Интернеттеги жеке баракчабызды мен көзөмөлдөп турам. Мүзүр социалдык тармактарга катталган эмес.

М.: – Азыр эч кимдин оозун тыя албайсың, бирөөнүн оозун жабам десең, калганына жаман көрүнүп каласың. Эң жакшысы, аларды өз жайына коюп койгон оң.

– Ортоңуздардагы ишенимди канча пайыз менен өлчөй аласыздар?

Г.: – Биринчи үйлөнгөн 3 жыл аралыгында ортодо чоң сүйүү болот экен. 5 жыл жашаганда бир туугандык мамиледе болот экенсиң, 7 жылдан кийин көнүмүш адатка айланат экен. Эртең менен турасың, ушул адамды көрөсүң. Биздин жумушубуз дагы бир эмеспи. Бардык жаман-жакшыны бөлүшөсүң. Биз бири-бирибизге бир туугандай болуп көнүп калганбыз. Ортодо ишеним болгону үчүн ушинтип чогуу ырдап ээрчишип жүрөбүз да.

М.: – Гүлмирага мен толук ишенем. Эгер ишенбесем кызганыч пайда болот. Мен деле кызгана турган учурларда кызганам, себеби чектен ашкан кызганычтын арты эмне менен аяктаарын жакшы билебиз го. Бул адамдын өзүнөн да, “повод” бербесе кызганбайсың. Эгерде “повод” берсең, “подозрительно” болуп жүрө бересиң.

– Гүлмира айым, катуу ооруп, молдолорго барып дем салдырып айыккан экенсиз?..

Г.: – Эми кыргызчылыкка салып айыккандар биз гана эмеспиз. Ооруканалардан такыр айыга албай койдум. Башым катуу ооруп туруп алды. Сахнада ырдай албай, эл бар жерлерде жүрө албай калдым. Шүгүр, молдого барып айыктым. Буюрса, азыр ден соолугум жакшы.

М.: – Эл көзүндө жүргөн адамга көз, сөз тийет деген бар экен. Ошондуктан дары-дармектен сырткары чоң молдолорго барып дем салдырып туруш керек экен.

– Ооруп калышыңызга “соода-сатыкка аралашып жүрүп, Гүлмиранын ишенген кызы алдап кетти” деген кептердин тиешеси жокпу?

Г.: – Жогоруда Мүзүр айтып кеткендей, абдан ишенчээкмин. Баарына ишене берем. Ошто дүкөн ачкан элем. Ал жерде 22 жаштагы кыз иштечү. Адаттагыдай эле ал кызга да ишендим. Ал болсо менин ооруп калганымдан пайдаланып, мен 1000 сом алсам 10000 сом алды кылып кассадан акча алып, өзү каалагандай жок кылыптыр. Эми кассадан ашыкча акча алгандан товардын акчасы кетет, дүкөн банкротко учурап баштайт. Тааныштардан товар алып барып койсом, анын акчаларын да жеп коюптур. Бир жагынан ден соолугуң начарласа, бир жагынан бизнесиң артка кетсе жаман экен. Милицияга кайрылып деле эч нерсе кыла алган жокпуз. Акча, дүнүйө, байлык, бийлик табылат, бирок баарыбыз бир жайга барабыз жана ошол жактан жооп беребиз. Эми ал кыйынчылыктардын баары артта калды.

– Жеке баракчаңызга “Кыйынчылыгы жок арыктагысы келгендер, байланышыңыздар” деп жазганыңызды окудум. Ден соолугума залакасы тийип калат деп коркпойсузбу?

Г.: – Силерге берген маектерибиздин биринде Мүзүрдүн жанында андан экөө келип мен отурдум. Анда 86 килограмм болчумун. Азыр салмагым 59 килограмм. Мен дайыма айымдардын сулуу болушун каалайм. Жок дегенде 44-46 өлчөмдөгү кийим кийишсе дейм. Айрымдар келип алышып«эмне үчүн сиз чоң өлчөмдөгү кийимдерди сатпайсыз?» дешсе, аларды карап боорум ооруйт. «Сен кийимге акча коротпой, арыктаганга акчаңды корот, анан кийим алганы кел» деп айтам. Бир четинен акча тапсам, бир чети айымдарга жардам берип жатам.

– Кийимдерди жарнамалап, модель болуп кеткениңизди көрдүк.

Г.: – Мен эми башкалардай болуп башкалардын дүкөндөрүн жарнама кылган жокмун. Башка белгилүү кыздарды деле чакырдым, бирок алардын сүрөттөрүн жүктөсөм кийимдерим өтпөйт. Өзүм кийип түшсөм ошол кийимдердин бири да калбай өтүп кетет. Мен модель болуп кеткен жокмун, жөн гана өзүмдүн бизнесим үчүн кылып жатам.

– Сөздү кыз-жигит болуп жүргөн кездерге бурсак. Азыр деле бульвар аралап сейилдеп турасыздарбы?

Г.: – Биз мурда Жаш Гвардия бульварынын жанында жашачубуз. Балалуу боло албай жүргөндө мен үйдө сыгылып кетчүмүн. Анан Мүзүр мени ээрчитип алып сейилдечүбүз. Ошол жакта жүрүп «биздин да балабыз, үйүбүз болсо, ырларыбыз хит болсо» дечүбүз. Азыр бала-бакыралуу болуп, Жаш Гвардия бульварына барып сейилдегенге убакыт жок. Жумуштар менен эле алекпиз.

М.: – Анан 2006-жылы Медер төрөлдү. Ушул уулумдун аркасынан жашообузга көп жакшы нерселер келди. Ал төрөлгөндөн кийин 2-3 күндөн кийин эле жер алып, там сала турган болуп калдык. 2008-жылдары “Нике кайып” ырыбыз чыгып, баары өз нугуна түшө баштады. Азыр, шүгүр, 1 уул, 1 кызыбыз бар.

– Маегиңиздерге рахмат, бактылуу болуңуздар!
БУЛАК: Супер Инфо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу