«Кеңеш» тобунун ырчысы Гүлмираны сотко беришти

Кеңеш тобунун ырчысы Мүзүр Мамбеталиевдин жубайы Гүлмира  ырчылыкка караганда бизнеске көбүрөөк ыктаганы, билген кишилерге маалым.

Ана тармактык маркетингде иштеп , адамдарды командасына чакырып жатканын жарыялап калганына күбө болгон жайыбыз бар.

Эми  Гүлмира айымга акча берип командасына кошулгандар «бизди алдап кетти» таризинде анын үстүнөн арыз жазып сотко кайрылышыптыр.Ушундан улам  жакында эле ырчы сурак берип келгенин уктук.

«Эмнесине жарашса эмнеси» дегендей быйылкы жыл саясатчылыр эле эмес, ырчылар үчүн да соттошуу жылы болду окшойт.Карасаңар бир топ ырчылырыбыз ызы-чуунун үстүндө эле жүрүшөт.

Булак: Айгай Пресс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу