“Атамбаев бийликке жеткиче Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн колдоп, биздин да колдообузду алып жүрдү. Атамбаевди бийликке биз алып келдик. Президент болгондон кийин Ак үйдө бизди кучактап алып: “Силер болбосоңор мени окорочка кылып эле жеп коюшмак” деп ыйлаган”, – деп билдирди кечээ, 15-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунда экс-министр Кеңешбек Дүйшөбаев соттун суроосуна жооп берип жатып. Бүгүн Октябрь райондук сотунда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кеңешбек Дүйшөбаев менен Азимбек Бекназаров жана экс-депутат Ахматбек Келдибековдун экс-президент Алмаз Атамбаевге жана анын менчик “Апрель ТВ” телеканалына каршы берген доо-арызынынын негизинде соттук териштирүү башталды.
“Анан эле бийликке жеткенден кийин, айрыкча 2016-жылы 31-августтан баштап, теңирден тескери кетти. Бизди душман кылып алды. 2010-жылы апрелде “Ата-Бейитте” курман болгондордун сөөктөрүнүн алдында берген антын унутту. Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртпөй туралы десек болбой, 2016-жылы өзгөрттү. Бизди кемсинтип сүйлөй баштады. Анда чыдадык. Эми президенттиктен кетип алып да өзүнө караштуу телеканалдардан бизге жалаа жаап жатат”- деди Кеңешбек Дүйшөбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg