КЕЧЭЭ БАКИЕВДИН ЭТЕГИНЕ ЭРМЕШИП НАМАЗ ОКУГАНДАР БҮГҮН КИМ БОЛДУ?

30-июнда президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине жаңы үйлөрдүн ачкычын тапшырды.

Сөз сүйлөп жатып ажобуз адаттагыдай эле тактан түшөрүнө канча айлык мөөнөтү калганын айтып, андан ары айрым саясатчыларды жамандоого өттү. “Айдаганы беш эчки ышкырыгы таш жарат” деп кээ бир саясатчыларды сындаган ажо “ышкырыгы менен таш жаргандар 2009-жылы кимдин жанында жүрдүң эле” деген суроо салды. “Калп эле кыйкырасың, 2009-жылы кимдин жанында жүрдүң эле?”-деген Атамбаевге учурдагы анын “эски малдын көзүндөй болгон” “өз кадрлары” кимдин жанында жүрүп, кандай кызматтарды аркалаганын эске салууну туура көрдүк.

Фарид Ниязов

Президенттин коомдук башталгычтагы кеңешчиси, жакында эле КСДП партиясынын лидеринин биринчи орун басары болгон Фарид Ниязов убагында Акаевдин сүймөнчүк кадрларынын бири болгон. Атамбаевдин бүгүнкү ат кошчусу кечээ эле “Алга, Кыргызстан” партиясынын идеологу болуп жүргөнүн ким тана алат? Акаевге алгылыктуу акыл үйрөтпөгөн Ниязов эми Атамбаевге кеңешчи болуп жыргатабы?

2009-жылы азыркы ажобуз президенттик шайлоодон утулуп калганда да дал ушул Фарид “Форумдун” алдынан безе качканы жалганбы? Кийин ыңкылаптан соң Бакиев качууга аргасыз болгондо гана Алмазбек Атамбаевдин жанынан жылуу жай издеп, этегине намаз окуп калганын өзү деле танбаса керек.

Чыныбай Турсунбеков 

Учурда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп, ити чөп жеп турган Чыныбай Турсунбеков деле тээ Бакиевдин доорунда КСДПны жамандап, “Ак жолду” айга күнгө теңеп жүрбөдү беле? Ун бизнесин Акаевдин доорунда баштап, кийин бийлик менен алака түзүп 3,5 миллион насыя алып, бийликтин ал жакшылыгы үчүн алардын айдагынан чыга албай, Акаевге каршы иш алпарган Мелис Эшимкановдун “Асаба” гезитин тартып алууга жетишкен. Бирок насыя алаары менен эле, 8 айдан кийин гезиттин чыгымдарын көтөрө албайм деген шылтоо менен «Асабаны» ара жолго калтырып өлкөдө ун тармагынын «ханына» айланды.

Кийинчерээк Акаевди Бакиевге алмаштырып, эч кандай кыйынчылыктарсыз эле “Ак Жол” партиясынын курамына кирген дагы КСДПга каршы иштей баштаган. 2010-жылы Атамбаев бийликке келип, ал жерден Чыныбай дароо бийликтегилерге ыктап, өткөн-кеткенди унутуп КСДП партиясынын лидери болгонго чейин жетишкен.

Аалы Карашев

Бакиевдердин оту менен кирип, күлү менен чыгып жүргөн Аалы Карашев азыр Атамбаевдин убагында деле бир топ майлуу-сүттүү кызматтарды ээлеп келет. Аалы Карашев Аскар Акаевдин тушунан бери президенттик жана өкмөттүк аппараттарда иштеп келатканына анын адамдын ичи коюнуна кирип чыкканга өтө эптүү экендигин тар чөйрөдөгүлөр айтып келет.

Бийлик дегенде уйкудан калып, самындай колдон жылмышып, сымаптай колго илинбеген Карашев 2007-жылы Бакиев Ош облусунун ошол кездеги губернатору Жантөрө Сатыбалдиевди кызматтан алып, анын ордуна Карашевди дайындаган.

Бул кызматта эки жыл иштеген соң ал кайра эле өкмөттүн аппаратына келип, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка чейин жеткен. Ал эми Атамбаевдин 2009-жылы алар кайда эле деп кыйкырганына жооп бирөө эле Бакиевдин жанында Ак үйдө болчу, Ак үйдө!

Сапар Исаков

Ал эми Президент Алмазбек Атамбаев Германия канцлери Ангела Меркелге “менин оң колум” деп тааныштырган Сапар Исаков дагы Бакиевдин доорунда көзгө басар кадр болгонун айтпай кетсек болбос. Бакиев учурунда жаш, амбициялуу Сапар мырза менен өлкөдөгү саясий абалды талкуулап, бир топ кеп кеңеш алып турганы айтылып келет.

Атамбаев айтмакчы 2009-жылы ким ким эле? Дал ошол жылы Сапар Исаков Максим Бакиев түзгөн ЦАРИИнин сырткы байланыштар боюнча агенттигинин жетекчиси болчу. Көп өтпөй апрель революциясы болуп, ЦАРИИни түзгөн “царьлар” ар тарапка качып, ал эми Сапар Исаков болсо Алмазбек Атамбаевдин мээрими менен куугунтукталбастан кызматынан көтөрүлө баштаганын ээсине жара чыгып Исаков менен Атамбаев унутуп калса дагы, карапайым калк унута элек.

Абдил Сегизбаев

Улуттук коопсуздук кызматын жетектеп келгени менен улуттун коопсуздугун экинчи планга коюп, Атамбаевди ким жамандай коет деп ушак аңдыгандан өйдө өтө албаган Сегизбаев дагы тээ Акаевдин доорундагы кадрлардын бири. Кезинде Аскар Акаевдин пресс-катчысы болуп, 2005-жылдагы ыңкылапта акырына чейин Акаев менен бирге туруп, жада калса Ак үйүн алдында катуу сабалган Сегизбаев Майрам Акаеванын айткан сөзүн жерге таштабай, баарын аткарып турчу дешет саясаттагы билермандар.

Ал эми учурда Атамбаевдин ар бир сөзүнө “ляппай” деген Абдил мырза шефине каршы сүйлөгөндөрдүн баарын камакка алуу менен убара.

Ал эми сиз, Алмазбек Шаршенович Бакиевдин тушунда ким болгонуңузду, ал менен кандай иштешип жүргөнүңүздү, бешиктеги бала да билет. Керек болсо 2007-жылы ошол убактагы президент Курманбек Бакиев кызматынан кетип жаткан өкмөт башчысын (Атамбаевди-ред) Данакер ордени менен сыйлап узатып, а сиз Бакиевге айтаар алкышыңызды таппай, Курманбек Салиевичтин кареги менен тең айланып турган кезиңизди унуткандай элдин эсине жара чыга элек.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, айтылган сөз атылган ок. Алар кайда эле сурагыла, деп бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой кайра кайра карапайым калкты кекеттиңиз эле, хандын сөзү эки болбойт деп, сиз үчүн убактыбызды уурдатып жатып, сурооңуздун жообун жазып койдук.

Эмне дейли, «2009-жылы кимдин жанында жүрдүң эле” дейсиз. Карапайым калк го жанын багам деп талаалаганы талаалап, анда деле өз жандарын өзү багып жүрүптүр, бирок, сиз жана сиздин ат кошчуларыңыздын баарын Бакиевдин баскан изинен айланып жүргөн жеринен таптык.
Бүгүн сизди айга күнгө теңеп жүргөн ат кошчуларыңыз эле эмес, Бакиевдин этегине эрмешип намаз окугандар сиз жана сиздин командаңыз турбайбы! Ушуну мактанып айта албай айлаңыз кетип жатса, айтып койдук, айып этпеңиз….

Булак: Каганат

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу