Кечки тамактанууга 150 миң сом төлөдү деген аткаминерге премьер сөгүш берди

Интернет булактарына тарап кеткен маалымат боюнча өкмөттүн аппараты иликтөө жүргүзгөн.

Инвестицияларды жана экcпортту илгерилетүү боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору Алымбек Орозбековго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катуу сөгүш берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин интернет басылмаларында Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды жана экпортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиги 2016-жылдын октябрь айында премьер Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда «Супара» этнографиялык комплексинде форумдун катышуучулары менен болгон кечки тамакка 150 миң сом төлөгөндүгү тууралуу маалымат тараган.

Өкмөттүн аппараты тарабынан аталган агенттиктин чыгымдары жөнүндөгү маселе боюнча кызматтык иликтөө жүргүзгөн.

«Анын жыйынтыгында 2016-жылдын октябрында «Супара» этно-комплексинде премьер Жээнбеков чет элдик делегация менен кечки тамактанууга катышкан деген маалымат чындыкка дал келбестиги аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Кызматтык териштирүүнүн корутундусунун негизинде Алымбек Орозбековго катуу сөгүш жарыяланды жана агенттиктин башкы бухгалтеринин милдетин аткаруучу А.Акматалиевага тийиштүү бухгалтердик документтерди жасагандыгы үчүн жумуштан четтетүү чечими кабыл алынды.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу