Кесиптешинин кылыгын жашырган 10 милиционерге чара көрүлдү

Ок чыгарган кызматкерден сырткары жетекчиси да жазаланып, кызматынан алынган.

Борбор калаадагы көңүл ачуучу борборлордун бирине келген адамга ок чыгарган Бишкек ШИИБинин Криминалдык милиция кызматынын өкүлү иштен алынды. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Билдирмеге караганда, мындай чечим кызматтык текшерүүлөрдөн кийин кабыл алынган.

Буга чейин Бишкектеги кафелердин биринде ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын өкүлү эс алуу жайына келген адам менен мушташа кетип, аны бутка атып жарадар кылганы айтылган.  Кийинчерээк Башкы прокуратура Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы менен Биринчи Май райондук милициясынын айрым кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Алар кесиптеши кафенин коногуна ок чыгаргандыгы боюнча маалыматты жашырган деп шектелүүдө. Ал эми жабырлануучу ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын Октябрь району боюнча күзөт бөлүмүнүн кызматкери болуп чыккан.

Ок чыгарган кызматкерге карата КРдин Кылмыш жаза кодексинин 234 (Бейбаштык), анын кылмышын жашырды делген кесиптештерине 304 (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-беренелери (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) менен кылмыш иши козголгон болчу.

«Ок чыгарган кызматкерден сырткары жетекчиси да жазаланып, кызматынан алынган. Милициянын дагы сегиз кызматкерине дисциплинардык жаза берилди», — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө ошондой эле жазалангандардын катарында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы менен Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери бар экени белгиленген.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу