Кенже Дүйшеева экинчи “Кыз-Буракты” түзөбү?

«Кыз-Бурак» тобунун мурунку ырчысы Кенже Дүйшеева турмуш жолуна аттанып, топтон бөлүнүп чыккандан бери чыгармачылык менен алектенип келет.

Ал жалаң мырзалардан түзүлгөн “Жебе” музыкалык тобун түзүп, бир топ жаш, таланттуу ырчы жигиттерди коомчулукка тааныткан. Үстүбүздөгү жылдын башында “Жебе” тобу менен түзүлгөн келишим соңуна чыкканына байланыштуу кайрадан таланттуу жаштарга кастинг жарыялаганы маалым.

Кенже Дүйшеева белгилүү бир ММК булактарына берген маалыматында ал жалаң кыздардан турган музыкалык топ ачуу ниетин билдирген.

“Кыз-Буракта” далай эмгеги сиңип, тажрыйба топтогон Кенже Дүйшеева экинчи “Кыз-Бурак” түзөбү, жаңы топ кандай аталышта болотсыр бойдон калтырган.

Кандай болсо да Кенже айымдын чыгармачылыгына ийгиликтерди каалашууда ырчынын күйөрмандары.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу