Кенже Дүйшеева, ырчы: «Эркекке баш ийген аял бактылуу болот…»

Чармачылыгы менен үй-бүлөсүн бирдей деңгээлде алып жүргөн, артынан ушак-айың, жаман сөз ээрчитпеген ырчы Кенже Дүйшееваны жаштарга үлгү болчу айым катары айтсак болот. Бүгүнкү күндө аны тойлорго да дал ушул сапаттары менен ырым  кылып чакыргандар арбын экен. Бир топ  убакыттан бери ММКларга чыкпай калган ырчыны маекке чакырып, акыркы жаңылыктары тууралуу билгенге аракет кылдык.

— Кенже айым, көп убакыттан бери ММКларга чыкпай калдыңыз, себеби эмнеде?

— Чыгармачыл инсандар интервью бере берсе өзү да чарчайт, элди да чарчатат. Мен ошондуктан 6-7 айда бир эс алуу убактысын жарыялайм. Бирок интернет булактарындагы өздүк баракчама жаңылыктарымды байма-бай чыгарып турам.

— Биз менен кандай жаңылыктарыңыздан бөлүшөсүз? 

— Биз 1-2 жылдан бери өзүбүзгө тиешелүү курулуш иштери менен алек болуп жүрөбүз. Чыгармачылыгым болсо өз нугунда, бала-бакыра, үй-бүлө тынч. Кыргызда катарыбыз кемибесин деп коёт, анысыңарындай катарыбыз кемибей, толукталып атат. «Жебе» тобумдагы балдарым үйлөнүп, балалуу болуп атышат. Алардын чыгармачылыгы да өз нугунда кетип атат.

— Балдарыңыз катар-катар үйлөнө баштады, келишимде алардын жеке жашоосу каралган беле?

— Жок, балдардын жеке жашоосу эркин болуп, бактылуу болууларын гана каалайм. Мен алардын үй-бүлө курганынан чыгармачылыгына карата эч кандай тоскоолдукту байкабадым, тескерисинче мага жеңилдик болот экен деген ойго келдим. Анткени,  жубайлары балдарымдын чыгармачылыгын абдан колдоп атышат. Клип тартсак келинчектери жардам берип жандап жүрүшөт. Качан болбосун кийимдери үтүктөлүү, даяр. Алардын үй-бүлөлөрү менен тыгыз байланыштамын. Биздин ортобузда эне-баладай жакындык бар. Саматтын кызын көрбөсөм чыдабай кетем, небере деген ушунчалык ширин экен. Эми Кумар менен Медер үйлөнсө  дагы көбөйүшүп калат экенбиз деп тамашалап калам.

— Сизди өкүл апа да коюп атышат, бул нерсе сиз үчүн жагымдуубу?

— Топтун түзүлгөнүнө 7 жыл болуп, бири-бирибизди эң жакшы билип калдык. Минур турмуш курарына он күн калганда «эже, сизге чалып айткандан уялып атам, бирок жездем менен акылдашып койдум»- деп смс билдирүү жазып жибериптир. Албетте жакшы кабыл алдым. Азыр «апа» деп сыйлап турушат. Алар биздин бешинчи өкүл балабыз. Негизи бардык өкүл балдарыбыз менен жакшы катташабыз. Алматыда экөө бар, алар менен булардай тыгыз мамиледе болбосок да жамандык- жакшылыкта сөзсүз катышабыз. Кудай жакшы күндөрдү кут кылсын.

— Жогоруда курулуш иштери тууралуу айтып калдыңыз, ал Бишкекте жүрүп жатабы же Алматыдабы?

— Мен кабат үйдө жашаганды жактырсам, жолдошум жер үйдү каалайт. Андыктан жолдошумдун каалоосу менен жер үй куруп атабыз. Баарын ошол киши жасап атат, менин милдетим усталарга тамак жасап берүү гана. Жолдошумдун табити мыкты, дизайн иштерине да шыктуу. Баарын тандаган, жасаган ошол киши, а мен ага ишенем. Үйүбүздү Бишкекке салып жатабыз. Алматыдагы курулуш иштерибиз бүткөн.

— Анда үй бүткөндө биротоло Кыргызстанга келесиздер го?

— Кыргызстанда да, Казакстанда да жашайбыз десем болот. Ал жакта да иштерибиз бар, андыктан бир жума Бишкекте болсок, бир жума Алматыдабыз. Эки жакка каттап журүү  биз үчүн оор эмес. Буга көнүп деле калдык. Анын үстүнө мен бир кылка эле жашай бергенден тажап кетем, жашоомду ар түрдүү кылып тургум келет. Азыр тойлордун убагы болуп, көп учурда бул жакта болуп атабыз. Кышында көбүнчө Алматыда болобуз. Быйыл кызым окуп калып да Алматыга эс алуу учурларында гана барганга туура келип атат.

— Сиз үчүн үйдөн кызыңыздын сабагын окутуу көйгөй жараткан жокпу?

— Мен кандай учур болбосун үй тапшырмасын өзүм окутам. Башка ишим калса калсын, бирок кызымдын сабагын аткарууну калтырбайм. Бул менин өмүрүмдөгү маанилүү нерселердин бири. Өзүм башталгыч класстын мугалими кесибине да ээмин да. Бул кесибимдин эми пайдасы тийип жатат десем болот.  Мен концерт менен бир жакка кеткен учурларда атасы бардык иштерин токтотуп, бул милдетти ал моюнуна алат. Учурда Томиристин фундаменти түзүлүп жаткан убагы, ошону биз бекемдеп беришибиз керек. Кызым атасына окшоп математиканы жакшы көрүп окуйт. Андан сырткары үч ийримге алып барам. Кызыма тандоо мүмкүнчүлүгүн коюп, ар түрдүү ийримдерге алып барып атам. Кайсы жагына шыктуу болсо, ошол жагына ыктайбыз. Чыгармачылыкка да жакын. Бирок музыка угуу жагынан табитибиз эки башка. Сахнага экөөбүз дуэт аткарып чыктык эле, ырдаган жакты, бирок дуэтибиз жакпады окшойт. «Эми ырдасам, дуэт ырдабайм, өзүмө жакканын ырдайм» дейт.

— Учурда жубайлар арасында ажырашуу деген көйгөйгө айланды, сиз үй-бүлө очогун бекем кармап келе жаткан аял катары айтсаңыз, үй-бүлөнү сактан калуу үчүн аял кандай болуусу керек?

— Азыр чынында бул чоң көйгөйгө айланды. Биринчи кезекте үй-бүлө бекем болуш үчүн, аял да, эркек да өз милдетин билиши керек. Анан да көйгөйдүн көпчүлүгү «мен кыйын» дегенден чыгат. Кандай болгон күндө дагы, кээ бир жерде аял киши пас болуп коюш керек. Мен деле кээде жолдошумдун «барбай эле койчу» деген жактарына сөзүн угуп барбай коём. «Мен, мен» деп тиреше берген үй-бүлө очор- бачар болбойт. Сен анын айтканын жасап койсоң, ал сенин айтканыңды жасайт. Ошондой эле өзүңдүн туугандарьңа караганда кайын журтту көбүрөөк сыйла, күйөөң сенин туугандарыңа да ошондой мамиле жасайт. Бул нерселерден аял кемип кетпейт, үй-бүлөсүн гана сактап кала алат. Акылдуу эркекке баш ийген аял бактылуу болот. Ошондой эле кыска өмүрдө бири- бирибизди мактап турсак жакшы. «Жакшы, жакшы десең — жаман да жакшы болот, жаман, жаман дей берсең — жакшы да жаман болот» деген сөз бар эмеспи.

— Сиз жашыңыз келип, акыл калчап калган убакта турмушка чыктыңыз, ошол ңерсе да жардам берсе керек?

— Мүмкүн. Бирок мен кыздарды 25 жашында эле турмушка чыгышы керек деп эсептейм. Мен жумуш деп жүрө берип жеке жашоомду унутуп койгом. Ошол кезде мага «турмушка чык» деп баары айтышчу, мен аларды жаман көрчүмүн, андыктан ал тема тууралуу менин жанымда айтыштан коркуп да калышкан. Бирок баары убагы менен болот экен. Кудайым мага берди, шүгүр кылам. Азыр айрым адамдарды көрүп өкүнүү менен кабыл алам. Үйдөгү тарбияны, бактылуу жашоону унутуп калып, жарнамага иштеп калышты. Эл көзүнө бактылуу көрүнөбүз деп атып чыныгы жашоону артта калтырышты. Интернеттеги жашоосу идеалдуу, телегейи тегиз, а чыныгы жашоосуна аралаша калсаң «оо кокуй» дейсиң. Ушул нерсеге өкүнөм. Жеке өзүм чыныгы жашоодон ырахат алам. Элге чыгармачылыгыңды  чыгар, ошол   жетиштүү. Жеке жашоону жарнама кыла бергенди жолдошум да көп жактыра бербейт.

— Чыгармачылыкта иштеп келе жатканыңызга 25 жыл болду, азыр ошол жылдардагы эмгегиңиздин үзүрүн көрүп атасызбы же дагы деле чуркап иштеп жүрөсүзбү?

— Адам эч качан токтолбош керек. Туура, мен 25 жылдык эмгегимдин үзүрүн көрүп атам. «Эмгегиң катуу болсо, тапканың таттуу болот» деген сөз бекер айтылбаптыр. Бирок менин ырларымды күткөн элим бар, ошолор үчүн жаңы ырларымды жарата берем. Кудай элдин жакшылыгында кызмат кылуудан айрыбасын. Элге күн сайын жакшы нерселерди тартуулап турганга аракет кылам. Алдыда көп пландарым бар. Жакында «Атакем» аттуу ырыма клип тартып, элге тартууладым. Бул убакка чейин аялдар тууралуу көп ырдадым. Бир жолу, бир аксакал «сен эмнеге аталар тууралуу ырдабайсың?» деген суроону берген. Ошондон кийин аталар тууралуу ыр издеп таап, аны бышырып олтуруп жаздырдым. Бул ырды элдин суроосунан улам жаралган ыр десем болом.

Динара ЧОКОЕВА

БУЛАК: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу