Кемин районунда «12 жаштагы кызга шал кылуучу укол сайып, зордуктоого аракет кылган» деп шектелген дарыгерге кылмыш иши козголду

Кемин районунда «12 жаштагы кызга шал кылуучу укол сайып, зордуктоого аракет кылган» деп шектелген дарыгерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, дарыгердин үстүнөн жазылган арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (ыплас аракеттер) боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, дарыгер сурак берүүдө.

Буга чейин өлкөдөгү айрым маалымат каражаттары Кемин районунун Орловка шаарчасында 53 жаштагы дарыгер ооруканада 12 жаштагы кызга шал кылуучу укол сайып, зордуктоого аракет кылганын кыздын тууганы Алмаз Маматкеримовго шилтеме берүү менен жазып чыгышкан.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова 6-сентябрь күнү жогорудагы факт боюнча министрдин атына кат келип түшкөнүн, учурда атайын комиссия түзүлгөнүн билдирген.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу