Келме кезек: Сагынбек Абдрахманов: «Бүгүн Атамбаевди Рая жеңем гана колдобосо, бөлөк эч ким колдобойт»

Келме кезек: Сагынбек Абдрахманов, КСДП партиясынын мүчөсү: «Бүгүн Атамбаевди Рая жеңем гана колдобосо, бөлөк эч ким колдобойт»

— Сагынбек мырза, кечээ “Фейсбук” баракчаңызга экс-президент А. Атамбаевди КСДП төрагалыгынан алып түшө турган курултайга даярданып жатканыңыздар тууралуу билдирүү жаздыңыз. Бул билдирүүнү жазууга Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун камакка алынышы тууралуу Атамбаевдин билдирүүсү себеп болдубу?

— Менин ыза болгонум, Атамбаев өзү коомчулуктун алдына чыкпай, маалымат катчысы же Фарид Ниязовго жаздырып, өзү чала-була окугандай сезим калтырганына чыдабай билдирүүнү жаздым. Атамбаевдин бул кылганын эки жүздүүлүк деп эсептейм. КСДП өз тарыхы бар партиялардын бири. Кээ бирөөлөр ушул партияны жамынып алып сүйлөп жатканын көрүп ызаланат экенсиң да. Биз канча жылдан бери КСДП деп чуркап, ал төмөн кулаганда кайра көтөрүп, кыйын кезде ачуусун, таттуусун көрбөдүкпү.

— Алмазбек Атамбаев менен чогуу жүрдүңүз да?

— Сөзсүз да. Чынында биз кыйын учурда Атамбаевдин чоролору болдук. Мен КСДПнын жүрөгү Аламүдүн району деп айтчумун. Атамбаевге катуу ишендик да. Менин досторум, жакын туугандарым ал кишиге ишенчү.

— Ишенимдин кетишине эмне себеп болду?

— Командировка менен Москвага барып, фирма ачып иштейин деп банктан эсеп ачуу үчүн ошол жерде жүрсөм бир кыргыз бала көчө шыпырып жүрүптүр. Эрте келип, банк ачылышын күтүп турсам, ошол бала келип мени менен учурашып “Байке ушул жерде 10 күндөн бери жүрөсүз. Кайдан келдиңиз? Банктын ичинде келинчегим пол жууйт. Ошол ушул жерде жүрөт деп айтты” деп калды. Ал бала өзү Хайдаркенден, кесиби “проходчик” болгондуктан шатёр болуп иштечү экен. Союз убагында “проходчик” эң кымбат баалуу кесип болчу. Келинчеги мугалим экен. Ошол жигит “Силердин КСДП партияңар бизди тентитти! КСДПны соттош керек!” деп айтты. Бул сөз мага катуу тийди. КСДПнын жемин Максим Бакиевдин балдары жеп жатса ыза болосуң да. Кечээ эле мени камагандар, биздин балдарды аткандар бүгүн КСДПны бийлеп жатса ыза болосуңбу же жокпу?! Атамбаевдин айткан сөзү башка, кылган иши башка болгондуктан ишеним кетти. КСДП кан менен бийликке келди. 87 балабыз көз жумду. Ошондо эл үчүн иштейбиз, өлкөнү гүлдөтөбүз деп ойлогонбуз. Гүлдөткөндүн ордуна 7 жылдан кийин кайра артка кетип жатпайбызбы. Өзүм тоо-кен тармагындагы адис болгондуктан, ошол тармакты эле айтып жатам. Жерүйдү сатып жибергенде аябай ыза болдум. “Кыргызалтындын” жетекчилеринин бири болуп туруп, Жерүйдө мамлекеттин үлүшү болушу керек деп айтып жаттым. Конкурс деп белгисиз бир жаранга берип, мамлекеттин кызыкчылыгынан орус жаранынын компаниясын жогору койгонун кантип түшүнсө болот? Анда чөнтөктүн кызыкчылыгы биринчи орунга коюлганын билген эмеспиз. Кийин билинип жатпайбы. КСДП башкаруучу партия болгондуктан коомчулук карап турду. Жогорку Кеңеште коалицияда туруп, программа кабыл алып, аны менен Өкмөт иштеди. Программада жазылган башка, иш жүзүндө башкача болуп жатпадыбы. 2013-жылдан 2017-жылга чейинки туруктуу өнүгүү программасы боюнча ким иш кылды? Ким ага жооп берди? Эч ким жооп берген жок. Мындан сырткары кадрдык саясаты да карама-каршылыкты жаратты. Түрмөдө олтурганда баарыбыз бир команда болобуз деп айтып, бийликке келгенден кийин Максимдин балдарын “Менин эң жакын досум, оң колум” деп тегерегине жыйнап албадыбы. Мен Сапар Исаковду жаман бала деп айтпайм. Биздин идеологиялык күрөштө Сапар алдыңкы орундарда жүргөн эмес. Эмне, кыргызда илимдүү, билимдүү кеңешчилер жокпу? Кызматтык тепкичтердин баарын басып өткөн мыктыларыбыз толтура. Ошолорду эмнеге кеңешчи кылса болбосун? Шоопурду кеңешчи кылып албай. Муну менен кайда бармак эле анан?

— Атамбаев бийликке келгенде бир кезде чогуу жүргөн сиздерди кызматка тартпай, такыр эле карабай кеттиби?

— Оппозицияда жүргөндө саясий куугунтук жеген балдардын баарысын кызматка тарткан жок дегенден алысмын. Бирок, өзүнүн тегерегине акаевчилер менен бакиевчилерди чогултуп алгандан кийин алар Атамбаев дегенде баарына даяр болгон балдарды сүрүп чыгарышты. Муну Атамбаев өзү деле көрүп, билип туруп, үн катканга жараган жок.

— Президент болуп келгенден кийин Фарид Ниязов идеологиясын жүргүзүп келди. Ал силерге окшоп кыйын кезде Атамбаевге чоро болуп алдыңкы катарда тура алганбы?

— Фарид эч качан Атамбаевге чоро болгон эмес. Алдыңкы катарда башын канжыгага байлап жүрбөгөн. Ар дайым артта көмүскөдө жүргөн.

— Көмүскөдө жүргөндөр интригандар болчу эле. Фарид Ниязов дагы интригада жүргөн турбайбы?

— Башынан эле ошондой жүргөн. Ар бир нерсени салыштарганда билет экенбиз. Жантөрө Сатыбалдиев президенттик аппараттын башчысы болгондо Атамбаевге болгон терс пикир көп жаралбады. Данияр Нарынбаев аппаратты жетектегенде көп нааразычылык болбоду. Фарид Ниязов келгенде коом Атамбаевге каршы болду. Атамбаевге туура эмес маалыматтарды жеткирип турушту го деп ойлойм.

— 2010-жылы парламенттик шайлоодо КСДПнын тизмесине киргенге силерде мүмкүнчүлүк болду да. Же анда дагы тыйындуулар менен эсептешип, силер түртүндү болуп калдыңарбы?

— Шайлоо учурунда эл акча менен гана эсептешип калды да. Саясатчылар дагы акча болбосо бийликке бара албай турганын сезип калышты. Атамбаев менен шоопуру акчалуулардын баарын жыйып алганы ошондон улам болду. Партияны иштетпей эле, акчалуулар менен ишти бүтүрөм деп калышкан.

— Президент болгондон кийин такыр эле жолуккан жоксуңарбы?

— Жеке өзүм Атамбаев менен жолукпаганыма көп болду. Акыркы убактарда таптакыр эле жолугууга мүмкүн болбоду. Бир жагынан шлагбаумду Икрам коюп койсо, экинчи жагынан Фарид тосуп койгон. Биз эч жагынан кире албай калганбыз.

— Атамбаев кечээки билдирүүсүндө Исаков менен Кулматовду КСДПнын чыныгы мүчөсү катары көрсөттү. Бул экөөсү мурунтан эле КСДПнын мүчөсү болуп жүрүшкөнбү?

— Бүгүн партиянын эски мүчөлөрү эмне үчүн нааразы болуп жатабыз? Сапар Исаков кайсыл жактан КСДПнын эски кадры же мүчөсү болот? Кечээ эле Максим Бакиевдин жанында жүргөнүн унуттуңарбы? Бүгүн Сапар Исаков Максим Бакиев менен телефон аркылуу сүйлөшпөйт деп ким кепилдик бере алат? Өлкөдөгү тоо-кен тармагындагы акчалар оффшордук компаниялар аркылуу которулуп жатканынын аркасында Максим Бакиев турат деп ойлойм. Максимдин балдары Атамбаевдин жанында ишенген кишиси болуп жүрбөдүбү. Ким айтат Сапарды КСДПнын өкүлү деп. Партиянын уставы бар. Уставда баары жазылып турат. Сапар Исаковду партиянын төрагасынын орун басарлыгына көрсөтсө кайсыл шаарда, баштапкы ячейкада каттоодо турат? Кайсыл ячейкадан жогору көздөй көтөрүлдү? Атамбаев өзү “Сен болосуң” деп койду эле, калган үн чыгарууга кудурети жетпеген “дудук саясий кеңеш” ооз ачып койбоду. Атамбаев партияны менчигиндей көрүп жатпайбы. “Асилбек Жээнбековду партиядан чыгарып койгула! Сагынбек каршы сүйлөдүбү, аны да партиядан чыгаргыла!” дейт. Ким ошондой мамиле кылат? Ал азыр партияда дагы авторитардык бийлигин орнотуп, өзүм билемдигин жасап жатат. Ошон үчүн КСДПнын ичинде эски партиялаштардын Атамбаевге болгон нааразычылыгы күч.

— Жакында КСДПнын кезексиз съездин чакыра турган болуп жатканыңарды ачыктадыңыз. Атамбаевди партиядан биротоло чыгарууну көздөп жатасыңарбы?

— Буга Атамбаевдин кечээки билдирүүсү түрткү болду. Ал президенттиктен кеткенден кийин 31-мартка пландалган съездди күтүп, партиянын планын угабыз деп ойлонуп жүргөн болчубуз. Ал партиянын планын айтпастан эле, большевик менен меньшевиктердин ортосундагы согуштай болуп, меньшевиктерди чогултуп алып большевиктерди согуп кетип калды. Ошондон кийин Чүйдүн балдары чогулуп, жыйын өткөрүүгө даярданып жаткан болчубуз. Анда Атамбаевди КСДПдан чыгарабыз деген ой жок болчу. Бүгүнкү күнгө баа берип, Атамбаевдин төрагалык ордуна олтурганы мыйзамдуубу же мыйзамсызбы дегенди карайлы деп атканбыз. Бүгүн партиянын артына жашынып, коррупция менен айыпталып, резонанстуу иштерге аралашкандар партияны колдонгусу келип жатканы туура эмес.

— Атамбаевди партиядан айдап чыгууга кудуретиңер жетеби?

— Партия коммерциялык фирма же акционердик коом эмес. Атамбаев балким менин партиям, акча менен баарын сатып алам деп ойлоп жаткандыр. Ошондой болсо, ал киши чоң жаңылыштык кетирип, асмандын жетинчи катмарында калкып жүргөн убагы өтүп кеткенин аңдап биле элек. Кечээ эле жарадар болгон балабыз бар эле кайтыш болуп калды. Бүгүн ооз ачты кылып куран окутулат. Ошол жерде дагы балдар чогулуп талкуулайбыз. Биз аз эмеспиз, аябай көппүз. Биздин балдар Жогорку Кеңеште фракцияда олтурушат. Атамбаев бийликтен кеткиче эч кимиси сүйлөй алышчу эмес. Азыр туура маселе коюп жатасыңар деп колдой башташты. Билдирүүм чыккандан кийин Чүйдүн аксакалдары телефон чалып “Саке, сен туура маселе көтөрүп жатасың” деп жатышат. Депутаттарыбыз колдобосо дагы ТЭЦ, Тарых музейи, Ысык-Көлдөгү ат майдандагы абал биз көтөргөн маселеге алып келет. Ансыз деле бүгүн Атамбаев жалгыз калды. Өзү “Айланайындар, мына печатыңар. Мени аман койсоңор эле болду” деп айткан күн келерине аз калды.

— Жогорку Кеңеште олтурган, кечээ эле Атамбаевдин кареги менен тең айланып жүргөн депутаттары да аны партиядан алып түшүүнү колдоп жатабы?

— “Саке, туура кылып жатасың” деп депутаттар айтып жатат.

— Мурунку президенттин чоросу болсоңуз көп нерсени билесиз да. Оппозицияда жүргөндө эле ал киши өзү айткандай мультимиллионер болчубу? Шоопуру кандай болуп өзгөрдү?

— Мен айткан сөзү менен кылган ишине баа берип жатпаймынбы. Мен өзүмдүн өлбөгөн оокатым менен жашап келатам. Өз мээнети менен жашагандар байып кеткен жок. Атамбаев мультимиллионер болгудай кайсыл ишканасында миңдеген жумушчулар иштеп, киреше алып келип жатат? Аэропорттун жанына учакты кулатып койду. Бул Кудайдын кыргыз элине эмес, Атамбаевге берген белгиси болду. Аны да сезбей, ошол жерге барып куран окуп койгонго жарабады. Кыргызда барып куран окуйт, кабыргам кайышып турат деп көңүл айтат. Эч качан үйүнө чакырып алып көңүл айткан эмес. Кыштын кычыраган күнүндө ТЭЦти жардырып койду эле, баары ачыкка чыгып калбадыбы. Икрам мурункудан семирди. Финансы жагынан аябай байыды. Адам руханий жактан бай болушу керек. Ак үйдүн жетинчи кабатында Икрам олтурган кабинетте мурун Ташиев олтурчу. Ал кабинетке тоскоолдуксуз кирсең болот эле.

Кайтарган солдат жок болчу. Мен бир күнү Ак үйгө барсам солдат кайтарып турат. Кимдин кабинетин кайтарып турат десем, Илмияновдун кабинетин кайтарат экен. Мына, кечээки шоопур Ак үйдүн жетинчи кабатында кайтарууда олтурган.

— Сиз Атамбаевди жалгыз калды деп айтып жатасыз. Бирок, ал өз билдирүүсүндө тарапташтарын мыйзам бузууга барбоого чакырбадыбы?

— Бүгүн Атамбаевди Рая жеңем гана колдобосо, бөлөк эч ким колдобойт. Жада калса айылдаштары башка пикирде. Айылдаштары “Эмнеге келдиң?!” деп айтып жатышкандан кийин эле абалын түшүнө берсең болот да.

— Анткен менен Атамбаевде дух бар эмеспи?

— Туура, ал кишиде дух бар. Дух болгону үчүн бизди тегерегине топтоп күрөшкө чыкты да. Анда азыркыдай акчасы көп эмес болчу. Акчасына ишениши гана мүмкүн. Революция жасаганга бүгүн негиз жок.

— Кечээ эле Исаков менен Кулматов камалганда “Бул коррупция менен күрөш эмес, саясий куугунтук” деп атабадыбы?

— Кимге саясий куугунтук болуп жатат? С. Жапаров, Ө. Текебаев жана башка саясий негизде камалгандар менен азыркы Сапарды, Кулматовду салыштырып көрбөйбү?! Анын атаандаштары камалганда 600 доллар турган кычкач, 100 миң сомдук стулдар чыкты беле? Же кагаз түрүндө министрлерге бул ишти аткаргыла деген буйруктар болду беле? Атамбаевдин саясий куугунтук деп атаганы бет тырмалык.

— Камалган Кулматов, Исаков, Артыкбаевдер саясий чыңалууну күчөтчү саясий фигураларбы?

— Жок эй, Атамбаевдин жанында жүргөндөр экономиканы көтөргөн адамдар эмес. Өздөрүнүн гана финансылык кызыкчылыгын ойлогондор жүрбөдүбү.

— Азыркы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Атамбаевдин “Автомашында” таразачы болгон дешет, чындыгы барбы?

— Чындык. Кампачы да болгон.

— Камалган адамдарды мурунку президент акыр аягына чейин коргоп тура алабы же кол шилтеп баса береби?

— Бир жолу саткан киши экинчи жолу сатпай коймок беле. Ансыз деле “Мени сатып кетти” деген кишилер толтура. Камалгандар мындай турсун, Албек дагы жөн эле чабылып калышы мүмкүн. Ал Атамбаевдин көп маалыматтарын билет. Ошон үчүн катуу туруп бериши мүмкүн.

— Атамбаевдин билдирүүсүндө баардык маселелерди мен чечкемин дегенин кандай түшүндүңүз?

Ошондой билдирүү жасаганына мен да таң калдым. Жазып бергенин окубай туруп эле кол коюп берип койсо керек. Өзү ТЭЦ, Датка-Кемин боюнча мен тапшырма бергем деп айтып жатат. Бул билдирүүсү менен кийинки иш өзүнө карата козголушу керек экенин аныктап берди. Атамбаев президенттикти өткөрүп берүүнү Путинден үйрөнсө болмок. Путин Медведевге өткөрүп бергенден кийин, Медведев президент катары сүйлөп жатканда кол алдындагы кызматкер катары угуп олтурчу эмес беле. Ошентип 4 жыл унчукпай олтуруп берди. Атамбаев 4 ай тынч олтура албай, ичи күйүп, мен бийликти жүргүзөм деп чыкканынын жыйынтыгын көрүп жатат.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: Жаңы ОРДО

Аргумент.kg
Жооп калтыруу