Келечекте балдарым мендей болуп бөтөн жерде кыйналбаса деп аракет кылып келем..

 

«Мекендештер» рубрикабыз сиздерге  дүйнөнүн булуң бурчунда эмгектенип жүргөн жөнөкөй мигранттар менен болгон маектерибизди тартуулап тумакчыбыз.  Алгачкылардан болуп  мекендештерибиз эң көп жашап эмгектенген Орусиянын  Москва шаарынан баштадык. Москва шаарында болжол менен жарым миллиондой биздин жарандарыбыз эмгектенишет, анда эмесе назарыңыздарды маеке бурсак. 

1) Алгач өзүңүздү тааныштырып анан Москвага кантип келип калгансың тууралуу айтып берсең?

Өзүм жөнүндө айтсам, мен Нурматов Зулпидин 1986-жылы азыркы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кызыл-булак айылында төрөлгөм. Москвага эл катары мектепти бүтүп, жогорку окуу жайга тапшырууга мүмкүнчүлүк болбогондон кийи, социалдык абалды жакшыртуу максатта Москвага келгем. Башында бир жыл иштеп эле кайра келип жогорку окуу жайга тапшырам деп келген элем. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет демекчи, убакыт зымырык куш экен мына быйыл 12 жыл болуптур келгениме. Бирок, кичи мекениме тез-тез барып келип эле турам.

2) Эмне жумуш кыласың?

Москвага жаңы келгенде алгач кыйын эле болду, ар кандай жумуштарда иштедим. Баштан көп нерселерди өткөрдүм, ачка-ток калып, айлыктарды алалбай алданган учурлар болду дегендей. Акыркы сегиз жылдан бери полиграфия тармагында эмгектенип келем. Азыркы убакта “Хорошая типография” деген басмаканадада иштейм. Жумуштан тышкары Москва шаарындагы Кыргыз мекендештерге визитка, кафелерге меню, календарь жана көчөдө таратылуучу жарнама баракчаларын буйрутма алып жасатып берем. Кыргызстандан ырчы-куудуларды чакырып концерт койгондор бар, аларга афиша, билет жасап берип кошумча тыйын таап келем.

3) Орус жарандыгын алгансыңбы?

Эмнегедир Орус жарандыгын алганга кызыккан эмесмин, талаалап жүргөнүбүз деле жетиштүү болот. Анан анысы аз келгенсип башка мамлекеттин жарандыгын алып алсам болбойт го деп, кыйналсам да өзүмдүн жарандыгым менен жүрөм деген чечим кабыл алгам. Кыргызстандын атуулу болуп эле жүрөм ошого шүгүр кылам. Орус жарандыгым болбосода Москвада жумушсуз калбайм. Кудайга шугур типография тармагында көптөн бери иштеп стажым көбөйүп калган.

4) Үйбүлөөң менен турасыңбы же өзүң жалгызбы?

Ар кандай болуп калат, келинчегим балдар менен Кыргызстанда келиндик кызматын кылып балдар менен жүруп, кайра келип мага жардам берип турат. Азыркы убакта келинчегим үч балам менен айылда, Кудай буюрса жакында келишет.

5) Күнүнө канча саат иштейсиң?

Жумушум оор эмес, анан дагы көнүп калгам көптөн бери иштеп, графигим 1 сутка иштеп эки сутка дем алам. Ошондо бир айда жалпысынан 240 саат иштейт экенмин.

6) Москвадагы коомдук иштерге кызыгып, аларды уюштууру боюнча жардам берип турасыңбы?

Коомдук иштерге мурун убакыт болбой келсе, азыр анча-мынча аралашып калмай жайым бар. Себеби мекендештерибиз бул жакта ар кандай кырсыктарга кабылган учурлар кезешүүдө, ошол мезгилдерде аралашууга туура келет экен.

7) Кыргызстанга биротоло келиш планыңызда барбы, болсо качан?

Жогоруда айтпадымбы бир эле жыл иштесем жетет, кайра келем деп. Ошол учун Аллахтын айтканы болот деп айтайын. Кыргызстанга барганда өзүңөр билгендей жумушсуздук күч алган, ал эми иштеп тыйын таппасаң, үй-бүлөөнү бага албайсың. Бирок, “Өрдөктүн өзү чөлдө болсо да, эки көзү көлдө” демекчи, мен да Кыргызстан дегенде эки көзүм төрт. Буйруса келечекте балдарымдын  биздей болуп талаага чыкпаса экен деп , ошолорго шарт түзүүгө аракет кылып атам..

8) Мекенибизде болуп аткан саясий кырдаал боюнча айтсаң? 

Эми мен өзүм саясаттан алысмын, бөлөк элде жашап жөргөндөн кийин жаңылыктардан жумуш менен алек болуп атып кеч угам. Бизде баары эле саясатчы,  мен деле билип туюп турам элибизде болуп аткан окуяларды. Кыргыз элиме 2017-жылы шайлоодо адашпай жакшы күчтүү президент шайлап алсак деген ак тилегим бар. Күчтүү падыша келсе буйруса бизди уят кылбай, башка мамлекеттер менен тең ата сүйлөшүп, эл үчүн иштейт денег өмөтүм бар.

Москва шаары: «Аргумент»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу