Келерки жылы Көчмөндөр оюну өтөт. Премьер Исаков демөөрчү керектигин айтты

Өкмөт башчы ири масштабдуу көчмөндөр оюнунун өткөрүүдө бюджетке күч келтирбөө зарылдыгын айтты 2018-жылдын күз айында Көчмөндөрдүн эл аралык III оюндары өтөт, көйгөйлөр жаралбашы үчүн биз ага жакшылап даярданышыбыз керек. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков аталган оюндарды өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча жыйында билдирди.

Өкмөт башчы Исаков жыйында министрлер менен ведомство жетекчилерин Көчмөндөрдүн эл аралык III оюндарын өткөрүү даярдыгына катышууну каалаган спонсорлор менен жакшы ымала түзүп, иштөөгө чакырды.

«Көчмөндөрдүн эл аралык III оюндарын өткөрүү даярдыгына катышып, демөөрчүлүк кылам деген компаниялар менен туура иштешүү зарылдыгы турат. Бул өз ара кызматташуу болуусу шарт. Бюджетке күч келтирбешибиз керек», — деген Исаков.

Ал оюнга кызыгып, өнөктөш болуу ниетин билдирип жаткан демөөрчүлөр менен өз ара кызматташууну талкуулап, бардык маселелерди ачык сүйлөшүп алуу зарылдыгын кошумчалады.

Өкмөттүн аппаратына уюштуруу комитетин түзүп жана көчмөндөрдүн эл аралык оюндары боюнча катчылыгынын ишин кайра жандантуу тапшырмасы берилди.Кыргызстан буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын биринчи жолу 2014-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурган. Ага Кыргызстан, Азербайжан, Белоруссия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Россиянын командалары катышкан.

2016-жылдын күзүндө Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары да андан кем калбаган масштабда өткөн.

2016-жылы өткөн Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндарында Сапар Исаков президенттин аппарат жетекчисинин орун басары болуп турган кезинде демөөрчүлөрдөн 3 миллион доллар чогулгандыгын айткан.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу